Шашылыш кабар:

Мүлктү алтын менен сактоонун кандай пайдасы бар?

Июнь 24th, 2018 | by Бахар Хакимова
Мүлктү алтын менен сактоонун кандай пайдасы бар?
Эколикбез
0

Улуттук банк менен биргеликтеги “Эколикбез” программасынын бул жолку чыгарылышында алтын куймалары, анын экономикадагы орду, куймаларды Кыргызстанда иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беребиз.

Суроолорубузга Улуттук банктын нак акчалар менен иштөө башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башкы эксперти Эмил Курманалиев жана ушул эле бөлүмдүн кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы адиси Бермет Эсенгулова жооп берди.

Марал: Кыргызстанда майда алтын куймаларын чыгаруучу цех ачыла турганын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирген. Бул боюнча конкреттүү аракеттер барбы? Качан ишке ашат?

Эмил Курманалиев: Учурда Улуттук банк аракеттерди жасап жатат. Цех ачылса алтын куймалары Кыргызстандын алтынынан жасалып калат. Бул эми азыр биздин планыбызда.

Марал: Бул Кыргызстанга эмне берет?

Эмил Курманалиев: Бүгүнкү күндө майда алтын куймалары Казакстандын зерканасында чыгарылып жатат. Цех ачылса 1 граммдан 31 граммга чейинки алтын куймалары Кыргызстандан чыгарыла баштайт. Ошондой эле жумуш орундары да түзүлөт.

Марал: Алтын куймалар алгач кайсы жылы чыгарылган? Кандай көлөмдө?

Бермет Эсенгулова: Алтын куймалары алгачкы жолу 2015-жылы 7-майда сатыкка чыгарылган. Алгачкы тиражы – 1, 2 граммдыктан миң даана, 5 грамм алтын куймалары 800 даана, 10 граммдык жана 1 унциядан 200 даана, 100 граммдык алтын куймалары 320 даана, жалпысынан 3520 даана алтын куймасы, башкача айтканда 47 кг алтын куймасы сатууга чыгарылган.

Бүгүнкү күнгө чейин алтын куймаларынын көлөмү 195 кг көбөйдү. Калк тарабынан туруктуу суроо-талапка ээ десек болот.

Марал: Алар кайсы өлкөдө чыгарылды?

Бермет Эсенгулова: Алгачкы 1 граммдан 31 унцийге чейинки салмактагы алтын куймалары Казакстанда, ал эми 100 грамм салмактагы алтын куймалары “Кыргызалтын” аффинаж заводунда кыргыздын аффинаждалган алтынынан жасалды.

Эмне үчүн Казакстандан чыгарылды? Анткени 1 граммдан 31 граммга чейинки салмактагы алтын куймалары (майда куймалар) бизде азырынча жасалбайт. Бизде 100 граммдык жана андан чоңураак көлөмдөгү куймалары чыгарылат.

Эмил Курманалиев: “Кыргызалтын” ишканасынын аффинаждалган заводунда майда алтын куймаларын иштеп чыгууга технология жок. Ошондуктан Казакстанда чыгарып жатабыз.

Марал: Эмне себептен Казакстан өлкөсү тандалган?

Эмил Курманалиев: Улуттук банк алтын куймаларын чыгарууга тендер жарыялайт. Аны уткан Казакстандын компаниясы болуп жатат. Ошондуктан ушул күнгө чейин Казакстандан чыгарылууда.

Марал: Кыргызстандын алтын куймаларынын сапаты кандай? Эл аралык стандартка жооп береби?

Эмил Курманалиев: Бизде банктык алтын куймалардын сапаты эң жогорку болуп эсептелет. Бул Лондон баалуу метал рыногундагы жогорку сапатка ээ, 999,9 пробасындагы алтын куйма болуп эсептелет.

Банктык куймалар эл аралык стандартка жооп берет. Ал өз калкыбызга жана башка өлкөнүн жарандарына да сатыла берет, өлкөдөн алып чыгып кетүүдө да чек жок.

Марал: Алтын куймаларынын баалары кандай?

Эмил Курманалиев: Алтын рыногу дагы күнүнө өзгөрүп турат, дүйнөлүк баадан да көз каранды. Биздин сатылып жаткан алтын куймалары чет элдик алтын куймаларынын сатуу баасындай.

Бермет Эсенгулова: Биздеги алтын куймалардын баалары Лондондогу баалуу метал рыногундагы кечки фиксинги боюнча АКШ доллары менен бааланып, улуттук валютанын курсу менен саналат. Алтын куйманын наркын эсептөөдө куйманын атайын таңгак сертификатынын даярдалышы, транспортировкасы, камсыздандырылуусу жана салык, бажы төлөмдөрү менен Улуттук банктын комиссиясы эске алынат.

Алтын куймаларынын наркы күн сайын өзгөрүп турат да, Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылат, ошондой эле борбордук, региондордогу кассаларда көрсөтүлүп турат.

Марал: Канча болуп жатат бүгүнкү күндө?

Бермет Эсенгулова: Бүгүн алтын куймаларынын расмий курсу —  1 граммы 4 миң 292 сом 50 тыйын, 2 грамм — 7 миң 470 сом 50 тыйын, 5 грамм — 17 миң 280 сом 50 тыйын, 31 грамм (1 унция) – 103 миң 304 сом 50 тыйын, 100 граммдык алтын – 289 миң 768 сом 50 тыйын.

Ал эми кайрадан сатып алууда, 1 грамм алтын куймасы — 4 миң 271 сом 50 тыйын, 2 граммды 7 миң 440 сом 50 тыйын, 5 граммдык алтын куймасы 17 миң 228 сом 50 тыйын, 10 граммдыкты 33 миң 612 сом 50 тыйын, 31 граммдык алтын — 101 миң 777 сом 50 тыйын, 100 граммдык алтын куймасы – 281 миң 328 сом 50 тыйынды түздү.

Марал: Майда алтын куймаларын кайсы жерден сатып алса болот?

Бермет Эсенгулова: Улуттук банктын борбордук жүгүртүү касса тобу жана облустук башкармалыктарынын жүгүртүү кассалары аркылуу жеке адамдарга жана юридикалык жактарга сатылат. Иш күндөрү эртең мененки саат 09.00дөн тарта 15.00гө чейин нак жана нак эмес түрдө сатылат.

Талап кылына турчу документтер: Жарандын өздүгүн тактаган паспорту болушу керек. Же болбосо аскердик билети, күбөлүгүнүн негизинде сатылат. Себеби биз алтын куймаларын жарандардан да сатып алууну жүргүзүп жатабыз, ошондуктан паспорт сөзсүз талап кылынат.

Алтын куймаларын сатып алууда болсо сертификатынын негизинде алынат. Азыркы убакытта сатыкта 10 граммдык алтын куймасы гана жок, калган 1, 2, 5, 31, 100 граммдыктар бар.

Марал: Улуттук банк жарандардан алтын куймаларын сатып алууда кандай талаптарды коет?

Бермет Эсенгулова: Эгерде алтын куйманын сыртындагы таңгагында кандайдыр бир бузулуу болсо ал экспертизага берилет. Экспертиза үчүн баасынын 7 пайызы кармалат. Ошондуктан эгер жакшы баада алтын куймасын саткысы келсе анын сырткы түзүлүшүн да жакшы сакташы керек.

Айта кетчү жагдай, Улуттук банктын алтын куймаларынын сатылуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке жактарга жана юридикалык жактарга 31-100 грамм салмактагы алтын куймаларын сактоо кызматын сунуш кылабыбыз. 1 алтын куймасы үчүн айына 50 сом төлөп, Улуттук банкта да сактаса болот. Ал жерде коопсуздугу мыкты деңгээлде каралат.

Марал: Алтын куймалары эмне максатта жасалат?

Эмил Курманалиев: Биринчи максат – сактоо жана жыйноо болуп эсептелет. Мисалы, 2015-жылга чейин биздин жарандар өз инвестицияларын доллар же башка чет элдик валютада сактап келишкен. Азыркы учурда байлыкты алтын куймалары менен сактоо – жаңы инструмент болуп жатат. Алтын эч качан баасын жоготкон эмес, 50-60 жыл мурун алынган алтын азыр да баалуу. Себеби салыштырмалуу алтындын баасы  туруктуу болуп эсептелет. Алсак, валютанын эртеңки келечегин эч ким биле албайт.

Марал: Өз байлыгын алтын менен сактоого өтө баштагандар көбөйдүбү?

Эмил Курманалиев: Башында алтын куймаларын чыгарууну 47 кг менен баштаганбыз. Учурда 195 кг салмакка жетти. Ушул статистика менен баалаганда эки жылдык мөөнөттө жарандар алтын куймаларын инвестиция катары колдонууга өтүшүүдө.

Марал: Зергер буюмдарынын сапатын кардар кантип айырмаласа болот? Кайсы өлкөнүкү сапаттуу болуп эсептелет?

Эмил Курманалиев: Алтын негизи бир эле сапатта болот. Ал Африкада да Кыргызстанда да жер астынан казып алынат. Сапаты жөнүндө кеп болгондо анын пробасына көңүл буруу керек. Зергер буюмдарда 3 проба колдонулат, алар – 585, 583 жана 387. Ушул гана айырмасы бар.

Проба деген – алтындын курамында канча чыныгы алтын бар экенин билдирет. Мисалы, 585 деген пробадагы зергер буюмда 58 пайыз алтын бар, калгандары башка кошумча металлдар.

Экинчиден, зергер буюмдун сапаты анын кандай ювелирдик компанияда жасалганынан көз каранды.

Бермет Эсенгулова: Негизи нак алтын 999,9 пробада болот. Бул жумшак, ийилчек келгендиктен зергер буюмдарын нак алтын менен жасаганда ал биринчи сапатын бат жоготуп коет. Ошондуктан Орусия, Кыргызстан, башка мамлекеттер да кошумча металлдарды кошушат. Эң негизгиси сатып алаарда пробасына маани бериш керек.

Марал: Алтын куймаларынын экономикадагы орду кандай? Ал каржы рыногунун туруктуулугун чыны менен камсыздай алабы?

Эмил Курманалиев: Алтын куймалары Кыргызстандын рыногуна жаңы гана кирип, жайылып жатат. Анын экономикага тийгизген таасири олуттуу десек болот. Мисалы, банктардагы депозиттер чет элдик валютада кармалып келген. Азыр болсо алтын куймалары менен сактоого өтүп жатышат. Бул рынок башка мамлекеттерде кеңири тараган, Кыргызстанда да келечекте чоң ролду ойнойт.

Марал: Алтын куймаларын аманат катары сактаса болобу?

Эмил Курманалиев: Өлчөнгөн алтын куймаларын  аманат катары сактоого биздеги 7 коммерциялык банк лицензия алды. Метал эсептери да ачылат, анда алтындын граммы эсептелет.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache