Биз менен байланышыңыз

Кайсы күндөрү катуу суук болору кабарланды

Пикирлер | 29 Ноя 2018 | 1382 | 0

Кыргыз гидрометеорология агенттигинин адистери аба ырайы боюнча 3 күнгө так маалымат берет. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Зарылбек Итибаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрдан тарта өлкөнүн түштүк аймактарында абанын табы төмөндөйт. 1-декабрда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. 1-2-декабрь күндөрү абанын температурасы -15 градуска чейин түшөт.

«Жолдор тайгак болот. 5-декабрга чейин Бишкек-Ош унаа жолундагы ашууларда көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери болот. Кар көп жаайт. Мындан улам жолдорго мезгил-мезгили менен чектөө киргизилет. Айдоочулар унааларынын техникалык абалына, дөңгөлөгүнө көңүл бурушсун. Абанын табы 5-декабрдан кийин жогорулайт. Катуу суук декабрдын үчүнчү жана январь айынын 1-он күнүндө болору күтүлүүдө. Январда дагы абдан катуу суук болушу мүмкүн. Алсак, Чүйдө абынын температурасы -25 градуска чейин жетсе, Суусамыр өрөөнүндө -35 градуска түшөт»,-дейт Итибаев.

Анын айтымында, Кыргыз гидрометеорология агенттиги ар бир айдын ортосунда бир айлык болжолдуу аба ырайын чыгарат. Бирок өлкөдө кыш мезгили кандай болорун аныктай турган институттар жок.

Copyright © 2017 Maral FM