Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда туризмди өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 923 | 0
Кыргызстан

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев Туризмди өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Курамы 15 кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, аны биринчи вице-мэр жетектеди. Жумушчу топ шаарда туризм тармагын өнүктүрүү боюнча алгачкы сунуштарын берди. Эми шаардын өзгөчөлүктөрүн жана экономикалык өнүгүү келечегин эске алуу менен узак мөөнөттүү өнүгүү концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгы турат.

Бул шаар тарыхындагы ушул тармакты өнүктүрүү багытындагы биринчи ушундай документ болмокчу.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө термалдык-дарылык минерал суулары менен атагы чыккан “Жалал-Абад” санаторийи жайгашкан.

Шаардан чыгуучу №27 минералдык суулары өлкө аймагына кеңири белгилүү жана чет өлкөлөргө экспорттолот. Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагында туризм тармагын өнүктүрүүчү туристтик логистика борборун түзүүгө ылайыктуу аймак эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM