Шашылыш кабар:

Исаков: Трансформация мыйзамынын аткарылышы күмөн

Исаков: Трансформация мыйзамынын аткарылышы күмөн
Күн Чабыт
0

Жогорку Кеңеш 20-июнда жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми президент аталган документке кол койсо өлкө боюнча 40 миңге жакын үй документтештирилет. Алар 13 миң гектарга жакын жер тилкесин түзөт.

Биз ушул тема боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаковду кепке тарттык.

Марал: Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоору бир нече жылдан бери талаш-талкуунун чордонунда келе жатат. Анын себебин эмнеден көрөсүз?

Эсенгул Исаков: Жерлерди которуу боюнча мыйзамдын долбоору 2013-жылы эле башталган. Аны мен демилгелегем. Ортодо саясат болуп кетип мыйзам V чакырылышта кабыл алынбай калган. Кийин мыйзамды өкмөт демилгелесин деп өкмөткө тапшырма берилген. Азыркы документти карасам мен даярдаган эле мыйзам долбоору кайра өтүптүр. Ал долбоордо 2009-жылга чейин салынган үйлөр мыйзамдаштырылсын деп жазылган.

Бирок азыркы мыйзам чийки. 2013-жылы мыйзам кабыл алынган. Ал эмне үчүн иштебейт. Анткени ал жерде жерди трансформация кылууга өкмөт өзү демилгечи болот, жер саясатын жүргүзө турган бирдиктүү орган жок деген эки нерсе киргизилген. Мен мына ушуларды киргизиш керек деп демилгелеп баштагам. Бирок аны талкуулап отуруп бүгүнкү күнгө чейин эмнегедир өзгөртүү кирген жок. Демек азыркы мыйзам иштебей калышы мүмкүн.

Марал: Мыйзамдын аткарылышынан күмөн санап жатасыз. Бул күмөн саноолорго эмнелер негиз болууда?

Эсенгул Исаков: Өкмөт мыйзамга өзү демилгечи болот дегенден кийин жарандар жеке менчик жерлерин трансформация кылууга өзүлөрү арыз бере албайт деген сөз. Бул мамлекет адамдардан жерлерди мыйзам чегинде сатып алып, калктуу конуштарга которуш керек дегенди түшүндүрөт. Ал эми жерлерди сатып алууга бюджетте акча жок. Болбосо жер ээсине мамлекет ошол жердин сыйымдуулугуна жараша жаңы жер бериши керек болот. Бирок андай жерлер дагы жок да. Ошондуктан мыйзамды кабыл алып койгону менен аны аткарыш кыйын болот.

Марал: Бул жерде 40 миңден ашык үй-бүлөнүн тагдыры тууралуу сөз болуп жатпайбы. Мыйзам долбоорун кабыл алуу кечигип жаткан жокпу? Буга ким жооптуу?

Эсенгул Исаков: Маалыматым боюнча 13,5 миң гектар жерде 46 миң үй-бүлө жашап жатат. Бул жерде канча деген адамдардын тагдыры чечилбей келет? Ошон үчүн 2009-жылга чейин салынып калган үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү керектигин айтып келгенбиз. Муну дагы саясат кылышып, эми кайра буга чейин демилгеленген мыйзамды эле кабыл алышты.

Бирок ал мыйзамды талкулоого ушунча убакыт керек беле? Элдер күтпөйт экен да, андан бери канча деген жерлерге үйлөр салынып кетти? Мисалы жылына 45 миң жаңы үй-бүлө курулат. Мамлекет аларга турак-жай курууга жардам бербесе дагы жерлерин мыйзамдаштырып бериш керек да. Эл болсо мыйзам жок болсо кайра эле жерлерди басып ала берет экен. Ким күнөөлү болот? Түрмөгө отургузссаң дагы карапайым эл жабыркайт. Ал эми мыйзамды кабыл албай жаткан орган жооп бербейби?

Марал: Жылдан-жылга айдоо жерлер тарып баратат бирок мамлекет эмне үчүн жер саясатын алгылыктуу жүргүзө албай келет?

Эсенгул Исаков: Жер саясатын жүргүзүүнү мыйзамдар менен кошо Юстиция министрлигине берип коюптур. Бирок бул министрлик бул саясатты жүргүзүүгө компетенттүү эмес да. Юстиция министрлиги бардык мыйзамдарды карап, ал боюнча оюн айта турган гана министрлик. Ал эми жер саясатын жүргүзө турган бирдиктүү орган болушу керек. Убагында Мамлекеттик каттоо кызматы бул ишти алып барчу. Аны дагы 4-5 бөлүп салышты. Мен буга кызыкдар адамдар болсо керек деген ойдомун. Башаламан боло берсе жер мыйзамын бузуп жашай беребиз дешет го.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache