Шашылыш кабар:

Эксперт: IT тармагына салык салып ишкерди чочутпаш керек

Июнь 21st, 2018 | by Бахар Хакимова
Эксперт: IT тармагына салык салып ишкерди чочутпаш керек
Күн чекит
0

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев интернетте кызмат көрсөткөн Фейсбук, Гугл жана Инстаграм сыяктуу ири IT компанияларга салык салуу демилгесин көтөрдү. Ал көптөгөн фирмалар азыркы учурда өз продукциясын жана жарнамасын Фейсбук, Инстаграм, Твиттер, Гугл жана башка сайттарда жарыялаш үчүн миңдеген долларларды коротуп жатышканын айтып, эгер аларга салык салынса бюджетке түшмөк деген сунушун билдирди.

Маалым болгондой, «Google-салык» бул чет элдик уюмдар Интернет аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүүдө кошумча нарк салыгын төлөөнүн атайын тартиби. Мындан улам биз Кыргызстанда интернет аркылуу кандай киреше тапса болот, ушул жагдайга токтолууну туура көрдүк. Суроолорубузга IT тармагындагы эксперт Канагат Алышбаев жооп берди.

Марал: Азыр интернетте кызмат көрсөткөн Фейсбук, Гугл жана Инстаграм сыяктуу ири IT компанияларга салык салуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул канчалык мүмкүн?

Канагат Алышбаев: Негизи демилге жакшы экен. Бирок Кыргызстандын бул тармакта күчү, акылы, мүмкүнчүлүктөрү аны ишке ашырууга азырынча жетпейт. Себеби Гугл, Фейсбук сыяктуу гигант компаниялар менен расмий түрдө мамлекеттик деңгээлде келишим түзүш керек. Бирок ал компаниялардын Кыргызстанда өкүлчүлүктөрү жок болгондуктан аларга салык салуу мүмкүн эмес.

Марал: Эгер сиз айткан мүмкүнчүлүктөр болсо бюджетке олуттуу эле киреше түшөбү?

Канагат Алышбаев: Бюджетке аябай эле чоң акча түшмөк. Мисалы азыркы убакытта “Жогорку технологиялар паркы” түзүлгөн. Анда биздин көптөгөн жергиликтүү ишкерлер, жоопкерчилиги чектелген коомдор мүчө болуп, IT тармагын өнүктүрүүдө иш алып барышууда. Алар бир катар салыктардан бошотулушкан, бирок алардын аткарган иштери көмүскө эмес. Ошондуктан “Жогорку технологиялар паркы” жалпы жүгүртүүнүн бир пайызын салык катары төлөйт. Эгер жергиликтүү жарандарды иштетсе социалдык фондго 17 пайызын төлөйт.

“Жогорку технологиялар паркынын” 2014-жылдан 2017-жылга чейинки расмий отчетунда 1 млрд сомго жакын акча мамлекеттик казынага төккөнүн көрүүгө болот. Эгер ушул паркты маалыматтык кампания иретинде IT тармакта, интернетте акча таап иштеген ишкерлерди чочутпай, акырындык менен салык төлөөгө көндүрсө бюджетке ири суммадагы каражаттар түшмөк.

Марал: Негизи Кыргызстанда интернет аркылуу кандай киреше тапса болот?

Канагат Алышбаев: Интернеттен киреше табуунун түрлөрү өтө көп. Мисалы, Кыргызстандын калкы 6 млн болсо, анын ичинен ашып кетсе 3 млн эл кадимки кардар болуп эсептелет. Бирок бизде азыр Ош базары, Аламүдүн же Дордой сыяктуу базарлар гана бар. Ал эми интернетте миллион эмес миллиарддаган кардарлар бар. Кыргызстандын жарандары ошол эле Amazon, Гуглдагы ютубчулар, Силиконовая Долина, Дубай, Казакстан сыяктуу башка жактарда өздөрүнүн программалоо ыкмаларын колдонуп иштеп жүрүшөт. Мындайча айтканда, интернет — миллиарддаган кардары бар базар десек болот. Ал жерде айына, күнүнө, саатына, керек болсо мүнөтүнө акча тапкандар бар.

Марал: «Google-салык» боюнча КМШда же болбосо Борбор Азияда тажрыйба кандай?

Канагат Алышбаев: Ири IT компанияларга азырынча Орусия салык салып жатат. Бирок анын канчалык жыйынтык берип жатканы маалым боло элек. Ошол эле учурда жаңы өнүгүп жаткан тармактын өсүшүнө тоскоолдук жаратпай, тескерисинче жолдорду ачып берип, бирок мыйзам чегинде көзөмөлдөсө болот.

Анда да ишкердерди дароо эле чочутпай, түшүндүрүү жолу менен гана салык төлөөнү жолго салыш керек. Бирок ага көп каражат талап кылынат. Бул тармакта иштеп жаткандардын мамлекетке салык төлөйүн деген сезимин ойготуу аракети да чоң роль ойнойт. Анткени алардын көпчүлүгү чет өлкөдөн акчасын табат, ошол жактагы банктан эсеп ачат да турист катары каалаган өлкөдөн акчасын алып иштете берет.

Эгер аларды кыргыз банктарынан эсеп ачтырып, акчасын которуп, биздин банктар аларды ар кандай салыктардан бошотсо,(коркутпай-үркүтпөй деген мааниде) кардардын акчасы таза, адал сакталарына кепилдик берилсе бюджетке көп акча түшмөк.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache