Шашылыш кабар:

Рассвет айылы: «Жолуңар начар, кирбейбиз» деген сөздөн тажадык

Рассвет айылы: «Жолуңар начар, кирбейбиз» деген сөздөн тажадык
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча айыл округунун Рассвет айылынын чечилбеген маселеси жөнүндө сөз кылдык.

Маалыматка ылайык, аймактан айыл статус белгисиз себептер менен алынып салынган. Социалдык объектилерден бир гана ФАП орун алган. Балдар билим алуу үчүн бир нече чакырымды басып өтүүгө туура келет. Аймактын ушул жана башка маселелерин айыл тургундарынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Рассвет айылынын тургуну Даут:

— Биздин көчүп келгенибизге 15 жылдай болду. Айыл статусу жок болгондуктан көйгөйлөрдү эч ким чечпейт. Суу жок. Алыскы аралыктан суу ташып ичебиз, кышында чана сүйрөп кыйналабыз. Мал да ошол жерден суу ичет. Жазында гана агын суу келет. Эки жыл мурда акча чогултуп айылга жакын жерге суу тарттырып келгенбиз. Мотор койду, өзгөрүү болгон жок. Ошондуктан башка жерди казып, суу чыгарып беришсе жакшы болмок. Окуучулар айылдан 15 км алыстыктагы Мраморный айылына барып билим алышат. Бала бакча жок. Айыл аксакалдары көп жерге кайрылдык. Салык жыйнаганда кеч калбай убагында келишет. Бирок маселелерди чечүүгө келгенде жок болуп кетишет. Айыл өкмөт башчысы з жолу алмашты, баары эле айыл статусун алуу боюнча убада берет. Бирок тилекке каршы, аракет болбой үмүтүбүз ишке ашпай келет.

Рассвет айылынын тургуну Кандалат:

— Мен айлыга 1997-жылы көчүп келгенмин. Айыл статусу ошондо эле жок болчу. Мурда түрктөр жашаган экен. Азыр аймактын 80 пайзында Лейлектиктер жашайт. Жалпы 70-80 кожолук бар. Бары карапайм, мал багып, дыйканчылык менен алектенген жөнөкөй жарандар. Айыл өкмөт башчысы каражат бөлө албай турганын айтат. Жолдордун абалына мышык ыйлайт. Шагыл төгүп, түздөмүш болуптур. Сексендей бала кошуна айылга барып билим алат. Биз жакта мектеп жок. Жолдун азабынан маршруттук таксинин айдоочулары менен көп урушуп, талашабыз. “Силердин жолуңар начар, кирбейбиз” деген сөздөн тажап бүттүк. Алар айткан сөздөрдү мен коомчулукка айтпай эле коёюн. Балдарыбыз мектепке барбай калбаса экен деп, айдоочуларга каяша айтпай келебиз. Жок дегенде башталгыч мектеп куруп беришсе болмок. Карыялар, кош бойлуу аялдардын 3 километрди жөө басканын элестеткиле. Балдарды айылга жеткизбей эле маршруткадан түшүрүп коюшат. “Бизди Озерныйдан таштап коюшту” деп жамгыр, кар жааганына карабай жөө келишет. Мен урушпаган айдоочу калган жок. Маршруткалар саат сайын каттайт. Ошондо да күттүрүп кыйнашат. Убагында эле келип турса, бизге ошол эле жетмек. Суу жок унаа менен тентип жүрөбүз. Биз карапайм болгондуктан, көйгөйлөрдү чечип бергидей бийликке барган уул-кыздарыбыз жок. Айыл өкмөтү келип, тоодой убада берип кетет.

Ала-Арча айыл округунун башчысы Эрмек Бакасов:

— СССР убагында Рассвет айылы Ала-Арча совхозунун борбору болуп турган. Мурда бала бакча, мектеп да бар эле. Бирок кооптуу аймак деп табылып, элди Мраморный айылына көчүрүшкөн. СССР ураган соң Рассветке эл өз алдынча көчүп келишкен. Айылдын статусу жок болсо да суу маселелерин чечип берүүдөбүз. Жолдоруна жакында эле ремонт иштерин жүргүздүк. Бирок долбоордун ишине байланыштуу кечигип жасалды. Айылдагы скважинаны кайра ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Айылга статус алуу үчүн башкы план түзүшүбүз керек. Ал бүтмөйүнчө социалдык объектилерди курууга мыйзам жол бербейт. Башкы планды бир, эки жылда түзүп, 2020-жылга карата айыл статусун алууга аракет кылабыз. Коомдук транспорт маселеси боюнча шаардык маршруттук линиянын жетекчиси, айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушууларды уюштурганбыз. Окуучулар бир унаага батпай жаткандыктан дагы бир маршрутка коштуруп бергенбиз. Ал сүйлөшүүдөн кийин транспорт маселеси көтөрүлгөн эмес.

Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин  директору Аскарбек Токтошев:

— Айыл статусу жок жерлерге таза суу киргизүүгө укугубуз жок. Ошого карабастан айрым жерлерди Кытайдын жаңы долбооруна киргизүүгө аракет кылып жатабыз. 100 млн доллардык грант келе жатат. Ага эң көйгөйлүү деп эсептелген 107 айылдын тизмесин киргизгенбиз. Быйылкы жылы долбоорду даярдоонун ички процедуралары жүрөт. 2019-жылдын экинчи жарымынан тарта долбоор ишке кирет. Президенттин тапшырмасына ылайык, 2023-жылга чейин таза суу менен камсыздалат. Рассветте 300дөй калк жашайт. Таза суу менен камсыздоо боюнча конкреттүү иштер жүрүүдө.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache