Биз менен байланышыңыз

Мэрия окуучуларды “Ата-Бейитке” алып барды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 845 | 0

Бишкек шаарындагы окуучулар тарыхый-мемориалдык “Ата-Бейит” комплексине барышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Андагы экскурсияга №:6,8,9,16,19,35,53,42,68,70,71,87,96 мектептердин жигердүү окуучулары катышты. Иш-чаранын алкагында музейди тааныштыруу жүрүп, лекциялар өтүлүп, эстеликтерге гүл коюлду.

Экскурсия Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Бул иш-чара окуучуларга тарыхты үйрөтүп, мекенчилдик болууга үндөйт.

 

Copyright © 2017 Maral FM