Биз менен байланышыңыз

Комитетте экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 1028 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам долбоорун жактырды. Демилгечилер –депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Демилгечилердин айтымында, 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын ченемдерине карама-каршы келет.

Ошондой эле, анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ушуга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Анда президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;

-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;

-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алып салынат;

— ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган бардык кепилдиктер токтотулат;

— экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;

— Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Copyright © 2017 Maral FM