Биз менен байланышыңыз

«Мээримдүү тыйын» акциясы 2-декабрда өтөт

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 581 | 0

Бишкек шаарында 2-декабрда “Мээримдүү тыйын” кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Акцияда фонддун каттоосунда турган жана жакын арада операцияга муктаж балдарга каражат чогултулат. Акция акыркы 4 жылдан бери жылына эки жолу, май жана ноябрь айларында өткөрүлүп келет.

2017-жылы 232 миң сом чогултулуп, 3 өспүрүм жана 1 кишинин операциясына сарпталган. Үч жылдын ичинде 20 дан ашык өспүрүм балдарга ийгиликтүү операция жасалды.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM