Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев ЕӨАК жыйынына катышканы Минскке барды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 776 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда 27-ноябрда өтчү жыйында Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелери каралат. Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети талкууланат.

Ошондой эле 2017-2018-жылдардагы ички рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Минск шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы парктын салтанаттуу ачылышына катышат. Аны менен катар Белорус жогорку технологиялар паркына, «Беларусь ГС1» автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, «Великий камень» индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.

Copyright © 2017 Maral FM