Биз менен байланышыңыз

Атабеков: «Тыңда мени» клибимде динге туура келбеген кадрлар бар

Маек | 26 Ноя 2018 | 7901 | 0

Кыргыз шоу-бизнесинде көп жылдан бери атактуулугун кармап келаткандардын бири — КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков. «Атактууга 6 суроонун» бул жолкусунда аны менен маектешип, чыгармачылыгы, саясатка болгон көз карашы жана башка тармак боюнча кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Атабековдун ар бир ыры хит болот. Мунун сыры же себеби эмнеде?

— Менин оюмча, эң негизгиси, бул – обон. Мен обонго көбүрөөк көңүл бурам. Мыкты текст болсо да, обону начар ыр хит болбой калышы мүмкүн. Эл мыкты обон болсо, анан текстин таап угуп, жаттайт. Анан ар бир ырдын үстүнөн көп эмгек кылам. Бир ыр чыгарууга көп убакыт коротом. Ыр толук бышмайынча, аны чагырбайм. Ошол эле учурда үч саатта жаралып хит болгон ырлар бар, айлап, үч жылдап жаралган ырлар бар.

Өмүрбек Бабановду колдоп, өткөн жылы өткөн шайлоо өнөктүгүндө чогуу жүргөнүңүздү билебиз.

— Бул суроону жөн эле койбойлубу? Өткөн ишке кайрылып, ал тууралуу сөз кылуунун кереги деле жок. Саясаттан алыс эле болуп, аралашпай эле коёлу.

 

— Эгер сиз өкмөтүн курамында болуп калсаңыз, кайсы министирликти жетектемексиз?

— Мен бир да министирликти жетектегим келбейт. Эл, коом, элдин менталитети өзгөрмөйүнчө, эч кайсы министирликке баргым келбейт. Бир адам оңдойм деп чыккан күндө да, айлана-чөйрө, система өзү туура эмес болгон үчүн ал адам да ошол “сазга” кирип кетет. Азыр пара берип, өз убактысынан пайдаланып, иштеп калмай болуп жатпайбы. Бул түшүнүк жоюлмайынча, кайсы бир кызматка баруу ниетим жок.

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматов канчанчы жыл, кайсы жерде төрөлгөн? Анын беш чыгармасын айтып бере аласызбы?

Чынгыз Айтматов 1928 жылы, Таластын Шекер айылында төрөлгөн. Чыгармалары : “Делбирим”, “Бетме-бет”, “Ак-Кеме”, “Биринчи мугалим”, “Тоолор кулаганда”.

Камшат Жолдубаева менен аткарган “тыңда мени” ырынын клиби абдан каттуу талкууга алынды. Мактап жакшы сөздөрүн жана каалоо-тилектерин жазгандар болду. Бирок  бул клипке терс оюн айткандар да жок эмес эле. Анан ошол эле учурда сиздин ажылык сапарга барып келгениңизди да билебиз. Сиз бул кадамыңыз менен ажылардын атына доо кетти деп санаа тарткан жоксузбу?

Бул суроого так жооп бере албайм. Элдин ою бизди тарбиялайт, элдин оюн түшүнөм. Дин жактан алып караганда, ага туура келбеген кадрлар бар. Абал, шарт ушуга алып келди. Себеп дегенде ал жерде клиптин үстүнөн 50 чакты адам эмгектенген. Ага кошумча эки өлкөнүн карым-катнашы болду. Анан чыгармачылык жактан алып караганда, туура эле кылдык деп ойлойм. Себеп дегенде, ошондой интрига керек болчу. Туура, дин жактан туура эмес кадрлар бар. Бирок мен ойлойм, биз ортону кармашыбыз керек. Өтө берилбей, өтө бузулбашыбыз керек. Кылган ишибиз өзүбүзгө сабак болушу зарыл.

Мисалы ал клипти жактыргандар да көп да. 60% жактырып, 40% жактырбай калышы мүмкүн. Жактыргандарды да эске алышыбыз керек.

Өзүңүзгө катталган кандай мүлктөрүнүз бар? Ырчылыктан сырткары киреше булагыныз барбы?  Бир айлык кирешеңиз канча экенин айта аласызбы?

-Менин эң эле баалуу, көрүнүктүү байлык мүлктөрүм бул – ырларым, чыгармачылыгым жана менин элим, жерим, кыргыз калкым. Калган материалдык байлыктарым бул баары бул дүйнөдө калчу нерселер.

Менин кирешеме эл кызыкпайт, менин ырларымды угат. Бизде ар түрдүү кээде жумуш жок отуруп, кээде жумуш көп болуп чарчап калабыз. “Артистин бир көргөнү хан, бир көргөнү ит”- деп койчу беле?

Кудай буйурса “Мурас” деген лейбл ачканбыз. Ал жактан бир эки жаш балдарды  кантип “раскрутка” кылганды ойлонуп жатабыз. Анан кымбат баалуу студиям бар. Ал жактан каалаган адам келип ыр жаздырса болот. Менин болгон мүлктөрүм чыгармачылыка тиешелүү. Кыргызстандын маданиятын өнүктүүрүгө өз салымымды кошконго аракет кылып, эмгектенүүдөбүз.

Азыркы учурда студия иштеп жатат. Өзбекстандын эң популярдуу деген адиси келип, менин студиямда ишин баштады. Биздин студиядан профессионалдуу ырчылар гана эмес, эл арасынан да каалоочулар келип ыр жаздырса болот.

-Маегиңизге рахмат.

Тиллаев: Коомдук транспортко 6 жылдан бери түшө элекмин

Copyright © 2017 Maral FM