Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Боронов Ош жана Жалал-Абад облустарына барды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 856 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош жана Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын курулушу менен таанышты. Анда Орусиядан тийиштүү жабдууну ташып келүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Лабораториялар дыйкандарга экспортогону шарт түзүп берет. Аны аккредитациялоону Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык жүргүзүү зарыл деп белгиледи.

Мындан тышкары, кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды көчүрүү максатында, жер тилкелерин трансформациялоо зарыл болгон Ош жана Жалал-Абад облусунун бир катар айыл округдарына барды.

Ошондой эле Ала-Бука жана Чаткал райондорунда жайгашкан «Фулл Голд Майнинг», «Эти Бакыр Терек-Сай» жана «Каз Минералз Бозумчак» алтын кен ишканаларынын ишмердиги менен таанышты.

Copyright © 2017 Maral FM