Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан аскердик даярдык өткөрөт

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 662 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен нота келип түштү. Анда Өзбекстан күч түзүмдөрү 26-ноябрда аскердик даярдыкты текшерүү жүргүзөрү тууралуу эскертилет. Коңшу өлкөнүн билдиришинче бул иш-чара Өзбекстандын  куралдуу күчтөрүнүн дараметин байкоо максатында жасалат жана коңшу өлкөлөргө эч кандай кооптонуу жана тоскоолдук жаратпайт.

Мындан сырткары өзбек тарап өзүнүн аймакта белгиленген милдеттерин так аткаруу менен, коопсуздук жана чек ара маселелерине дыкат көңүл буруп, башкалардын кызыкчылыгына каршы келүүчу иштерден узак болуу менен иш алып барарын белгилешет.

Кыргыз ТИМи бул нота боюнча тиешелүү тараптарга маалымат берип, кабардар кылды.

Copyright © 2017 Maral FM