Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Курултай быйыл башкача маанайда өтүүдө

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 908 | 0

Бишкекте өтүп жаткан курултайда бийлик бутактарынын салмактуулугу боюнча Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков доклад жасоодо.

Ал бүгүнкү курултай башка маанайда өтүп жатканын, мурун курултай коркуу менен өткөрүлүп келгенин айтты.

Ал Кыргызстанда чогулуш эркиндиги пайда болгонун, эми бул эркиндикти эч кимге бербеш керектигин белгилейт.

«Өткөн жылы Кореянын президентине парламенти импичмент жарыялады. Ал эми Кыргызстанда ошондой парламент барбы? Сурап келсен жооп жок. Анткени Кыргызстанда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталган эмес. Азыркы президент бийлик бутактарынын салмактуулугун түзүп бербесе мурунку жетекчилердин тагдыры кайталанып калышы мүкүн«- деди Жээнбеков.

Айта кетсек, курултайда 4 теманын негизинде кайрылуу болот. Иш-чарага аймактардан да келген делегаттар катышып жатат. Уюштуруучулардын айтымында, аларга да сөз берилет, сөз сүйлөөгө ар бир саясий уюм бирден өкүл сунуштайт.

Ири иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM