Шашылыш кабар:

ТИМ: Москвадагы кырсыктаган айдоочуга жардам беребиз

Июнь 18th, 2018 | by Канай Анаркулов
ТИМ: Москвадагы кырсыктаган айдоочуга жардам беребиз
Күн Чабыт
0

16-июнда Москванын Ильинка көчөсүндө Анарбек уулу Чыңгыз аттуу кыргызстандык таксист жолдон чыгып кетип, мексикалык туристтерди сүзүп алган. Анда 8 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Москва полициясы аны суракка алып, кылмыш ишин козгогон. Кыргызстан бул окуяда өз жаранына кандай жардам көрсөтө алары тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева менен маектештик.

Министрликке окуя боюнча кандай расмий маалымат келди?

Бизге да жалпыга жарыяланып жаткан маалыматтар келди. Чынында дүйнөлүк деңгээлдеги оюндар Орусияда өтүп жатып, андагы кырсыкка биздин жараныбыз себепкер болуп калганы аябай өкүнүчтүү. Азыр интернет булактары, ЖМКларга окуянын видеолору да жарыяланып, баары көрүнүп турат. Жол кырсыгы болгону факт, ал жоопкерчиликти тартууга туура келет. Бирок жараныбызга тагылган күнөөнүн бейтарап болушуна Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана элчилик болгон аракеттерин көрүшөт. Москвадагы элчиликтин кызматкерлери окуя болгондон кийин эле бул ишти колго алып, тактоо иштерин жүргүзүп, кармалган жаран менен жолугушууга аракеттерди көрүп жатат. Колубуздан келген бардык көмөк көрсөтүлөт.

Кыргыз коомчулугу ТИМ сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын мыйзамы менен иштин каралышын талап кылышууда. Бул мүмкүнбү?

Элибиз мекендешибизге жан тартып, анын катуу жазага тартылып калбашына кабатыр болуп жатканы жакшы. Биз дагы ошону каалайбыз жана болгон аракетибизди көрөбүз. Бирок, мыйзам бузуу ошол мамлекетте катталып жатпайбы. Андыктан Орусиянын мыйзамы менен каралат.

Мигранттардын ушул сыяктуу окуялары аз эмес. Буга чейин жардам берилип, жазасын жеңилдеткен учурлар болдубу беле? Анын кандай жолдору бар?

Тышкы иштер министрлиги, элчиликтер дипломатиялык орган. Ал эми андай иштерге лицензиясы бар юристтердин гана кийлигишүүсүнө уруксат бар. Ошондуктан биз өз жолдорубуз менен болгон жардамды көрсөтүп, укуктук жагынан адвокаттарды табып, жараныбызга жеңил жаза алышына болгон күчүбуздү жумшайбыз.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache