Биз менен байланышыңыз

«Менчик унаа токтотуучу жайлардан түшкөн каражатта мыйзамсыз көрүнүштөр көп»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2018 | 706 | 0

Жеке жактарга берилген унаа токтотуучу жайлардан түшкөн каражаттарда мыйзамсыз көрүнүштөр көп. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын унаа токтотуучу жайлар жана муниципалдык базарлар башкармалыгынын бөлүм башчасы Мухаммед Токтомушев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, 2008-2009-жылдары унаа токтотуучу жайлардан шаар казынасына 80 миң сом чогултулуп келген. Ал эми учурда менчик жайлар айдоочулардан канча акы алары белгисиз. Болгону бюджетке жылына канча акча чогултушу гана көрсөтүлөт. Монополияга каршы күрөшүү агенттиги менчик унаа токтотуучу жайлардагы тарифтерди бекитпейт.

«Бүгүн унаа токтотуучу жайлар боюнча жаңы долбоор сессияда каралмак. Аларды муниципалдык менчикке алсак, айдоочулардан парковка үчүн 25 сомдон алып, анын 10 сомун патентке бермекпиз. Бул тариф Бишкектин бардык унаа токтотуучу жайлары үчүн бирдей болмок», — дейт Токтомушев.

Токтомушев башкармалык бир талон менен калаадагы унаа токтотуучу жайларды күн бою акысыз пайдалануу боюнча сунуш бергенин айтат. Бирок Бишкек шаардык кеңештин депутаттары аталган сунушту колдоого алганы менен эч кандай чечим чыкпай жатканын белгилейт.

Белгилей кетсек, шаардык мэриянын карамагында 12 унаа токтотуучу жай бар.

Copyright © 2017 Maral FM