Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Курултай боюнча мыйзам жок

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 831 | 0

Өлкөдө курултай өткөнү жатат, бирок ал боюнча мыйзам кабыл алынбай келе жатат. Мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мыйзам кабыл алынса курултайды өткөрүүнүн жол жобосу аныкталмак.

“Азыр депутаттар курултай боюнча 2 мыйзам иштеп чыкты. Ноябрь, декабрь айларында курултай боюнча мыйзамды кабыл алып берели. Коомдогу көйгөйдү ушул институт аркылуу парламентке, бийликке жеткирип туруш керек”, — деди ал.

Коомдук-саясий уюмдардын курултайы 24-ноябрга белгиленген. Ага келе турчу делегаттардын чыгымдарына саясий партиялар 20 миң сом, коомдук уюмдар 10 миң сомдон чыгарарын  “Марал” радиосуна саясатчы Азимбек Бекназаров билдирген. Ошондой эле ага экс-президент Алмазбек Атамбаев келбей турганын расмий билдиргенин айтып, азыркы өлкө башчынын өкүлү келери күтүлүүдө.

Бекназаров курултайды өткөрүүнү ким каржылаганын айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM