Шашылыш кабар:

Парламент төрагасы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Парламент төрагасы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыска кабар
0

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстандыктарды  ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады. Анда отуз күн бою жакшылыктар арбын жасалганын белгилеп, орозо кечиримдүүлүк менен берекенин айы деди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан отуз күндүк Орозо айынан кийин келүүчү ыйык Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Муктаждарга кайрымдуулук кылып, аларга жардам колун сунуу Орозо айындагы негизги эрежелердин бири. Тилекке каршы, Кыргызстанда жардамга муктаж жарандар аз эмес жана биздин максат аларга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Отуз күндүк Орозодо жакшылыктар арбын жасалып, жаман ойлорго бөгөт коюлуусу тийиш. Анткени Орозо кечиримдүүлүк менен берекенин айы. 

Биз бул айды жакшы тилек, жаркын үмүттөр менен күтөбүз. Таӊдан-кечке тамактануудан баш тартуу менен гана чектелбей, мусулмандар ыйык айда ыйманын жаӊылап, жан-дүйнөсүн аруулап алууга ашыгат. Ошонусу менен Орозо айт майрамы улуу!

Мына ошол улуу Орозо айт майрамы ар бир үйгө ырыс-кут, өлкөбүзгө биримдик алып келсин! Жергебизде тынчтык болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!»-деп айтылат куттуктоодо.

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache