Шашылыш кабар:

Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы Орусиянын жеңиши менен башталды

Июнь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы Орусиянын жеңиши менен башталды
Кыска кабар
0

Бүгүн, 14-июнда Орусияда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземи Москвада өттү. Ар бир 4-жылда өтүүчү эл аралык мелдештин ачылышы 80 миңдей адам баткан Лужники стадионунда Орусия – Саудия курамаларынын беттеши менен башталды. Беттеш 5:0 эсеби менен Орусиянын пайдасына чечилди.

Мелдештин алдындагы салтанатта чогулгандарды орус президенти Владимир Путин жана ФИФАнын президенти Жани Инфантино куттуктады.

«Футболдун күйөрмандары планетада миллиарддап саналат, бардык командаларга ийгилик, күйөрмандарга жакшы таасирлерди каалайм», -деди Путин.

Чемпионат 15-июлга чейин созулат. Бул мезгил ичинде мелдешке катышып жаткан 32 команда 11 шаарда, 12 стадиондо 64 мелдеш өткөрөт.

Расмий маалымат боюнча Орусия чемпионатты тосуу үчүн 13 миллиард доллар коротту.

Кремлдин билдиргенине караганда, чемпионаттын ачылыш салтанатына 20дай өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчысы катышары күтүлгөн. Алар негизинен КМШ, Араб жана Латын Америка өлкөлөрүнүн лидерлери. Расмий иш чарага Путиндин чакыруусу менен президент Сооронбай Жээнбеков да барып катышты.

Орусиядан кийин 2022-жылкы чемпионат Катарда, 2026-жылы АКШ, Мексика, Канадада өтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache