Шашылыш кабар:

Маматов: Күйүүчү майдын баасы реэкспортту токтоткондо гана жөндөлөт

Маматов: Күйүүчү майдын баасы реэкспортту токтоткондо гана жөндөлөт
Күн чекит
0

Күйүүчү майдын баасы  дагы көтөрүлдү. Бул маселе  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дагы каралды. Өткөн айда 10 пайызга чейин көтөрүлгөн болсо, үстүбүздөгү айда 2-3 пайызга көтөрүлөөрү болжонуп жатат. Бааларды туруктуу кармоонун альтернативдүүү жолдору барбы? Бул тууралуу «Күн чекит» программасында  «Ата Мекен» фракциясынан  депутат Абдимуктар Маматов айтып берди.

-Күйүүчү майдын кымбатташы Орусиядагы жагдайга байланыштуу болуп жатат. Бааларды туруктуу кармоонун башка дагы жолу барбы?

Кыргызстандагы жагдайга Орусиянын ички керектөөсүнө болгон баалардын көтөрүлгөнүндө болуп жатат. Себеби Евро-4 жана Евро-5 күйүүчү майлары Европага ташылып кетүүдө. Ошонун негизинде Орусиянын өзүндө дагы таңкыстык орун алып жатат. А биз керектеген К-3 майлары «Ачин» мунайды кайра иштетүүчү заводдон чыгат. Ал дагы Монголияга кетип калып жатат. Натыйжада таңкыстык башталды. Бул абалды жөндөө үчүн өкмөт коңшу Казакстан менен сүйлөшүүсү керек. Бүгүн Казакстанда баа туруктуу. Өзүңүздөр билгендей Казакстан бизге күйүүчү майды сатууга тыюу салган. Эгер ошону чечип Казакстан менен мамиле кылсак жана эки өлкөдөн май алсак, сөзсүз баа туруктуу кармалат.  

 -Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү заводдор курулган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин чийки заттын жоктугунан  толук кандуу иштебей келет. Дүйнөдө тенденция ушул боюнча улана берсе, сырьё маселесин кантип чечсе болот?

-Орусия бөлгөн квотанын 400 миң тоннасын мунай катарында Кыргызстандагы заводдорго бөлүп койгон. Анын баасы заводдор үчүн өтө кымбатка түшөт. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин ал дагы алынбай келе жатат. Андыктан бул маселени дагы караш керек.

Экинчиден өлкөдөгү заводдордун иштешин камсыз кылуу үчүн  Казакстан менен макулдашуу керек. Эмне үчүн? Жол кире арзан. Экинчиден чийки заттын запасы көп.

-Күйүүчү майдын таңкыстыгынан өлкөдө күйүүчү майдын баасы кымбат келип жатат деп жатабыз. Бирок биз аркылуу үчүнчү өлкөгө ташылып кетип жатканы белгилүү. Муну кантип токтото алабыз?

-Бул сөзсүз көзөмөлгө алынышы керек. Азыр «Газпром нефть» аркылуу Тажикстанга ташылып кетип жатат. Муну бажыдан карай турган маселе бар. Экинчиден үчүнчү өлкө биз аркылуу эмес түз  алып келүүсү үчүн биз реэкспортту токтотушубуз керек. Жалгыз жол ушул.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache