Шашылыш кабар:

Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн ишкерлерге салык салынып жатабы?

Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн ишкерлерге салык салынып жатабы?
Экономика
0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн өкмөт ишкерлерден жардам сурады. Учурда социалдык тармактарда  өкмөттөн келген каттар жарыялана баштады. 

Быйыл күздө өтө турган III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө республикалык бюджеттен 316 млн 700 миң сом каралган. Бүгүнкү күнгө чейин 10 млн 846 миң сом которулду. Бул сумма уюштурууга кеткен каражаттын 50 пайызын гана түзөт. Калган каражат демөөрчүлөр тараптан чогултулат. Ал Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылык тараптан жыйналат.

Учурда Өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин атынан ишкерлерден жардам сураган каттар жөнөтүлүп жатат.  Жардам көрсөтүү ишкерлердин өз эрки менен эмес, салык ирээтинде суралып жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Өзгөчө мамлекетке караган ишканаларга белгилүү бир сумманы чыгаруу милдеттендирилгенин экономист Азамат Аттокуров  «Марал» радиосуна  айтты.

— III Дүйнөлүк  көчмөндөр оюнун өткөрүүгө каршымын. Анткени бул коррупцияга жол ачып жатат. Себеби бул иш чарага абдан чоң суммадагы каражаттарды талап кылышат. Каражаттарды бергенден соң, кандай жеңилдиктер болоору белгисиз. Жыйынтыгында мамлекеттик ишканаларга кошумча салык салынып жатат. Баягы эле “Манас” аэропорту, “Мегаком”, же болбосо “РСК”, “Айыл” банктары төлөшөт. Бул кайра эле  биздин  акча болуп жатат. Учурда жеке компанияларга премьер-министрдин атынан жардам берүү суранычы менен каттар келип түшүүдө.

Мындай маалыматты Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылык төгүндөйт. Кыргызстандагы компанияларга буга чейин кат жөнөтүлгөнү менен  мажбурлоо жоктугун катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов белгилейт. Көчмөндөр оюндарынын алкагында каражат жөн гана берилбестен, атайын жарнамалык пакеттердин алкагында гана жасалып жатат. Ошондуктан ишкер  өзүнүн пайдасына карата макулдугун берип келетат деди.

Ар бир бизнес өзүнүн оюн айтат. Быйыл жарнама кылганга даяр эмесмин дегендер бар. Же кайсы бир компания  жаңы продукцияны  жарнамалап бергиле деп айтып жатышат. Көчмөндөр оюндарында  демөөрчү катары акча берип, жарнамалык пакеттерди сатып алып жатышат. Ошол пакеттин ичинде кандай жарнамалык мүмкүнчүлүктөр болсо, мага бергиле дейт. Бул жерде кыйноо иретинде жумуш жүргөн жок. Анткени ошол келишимде кандай жарнамалык мүмкүнчүлүктөр берилсе, баары аткарылат.

Башкы демөөрчүлөрдүн сап башында «Кумтөр» компаниясы турат. Кийинки орундарда микрокредиттик компаниялардан гипермаркеттерге чейин. Себеби өз продукциясын жарнамалап калуу ар бир компания үчүн маанилүү. Ушундай ойду карманган ишкер  Элдияр Тентимишов  быйыл көчмөндөр оюндарынын алкагында  көчмөн турмушундагы азык-түлүктөрдүн фестивалын өз демигеси менен өткөргөн турат.

Мен үчүн фестивал өткөрүү кызык болду. Себеби биздин компания эт менен иштейт, эттин ар кандай түрүн жеткиребиз. Ошондой эле эттин ар кандай түрлөрүнөн деликатестерди чыгарабыз.  Стейк жасоого башкача эттин түрү керектелет. Ошондуктан жарнама катары биз үчүн пайдасы чоң. Жыйынтыгында биз  көчмөн эл жеген тамактардын кандай жасалышын көргүбүз келди. Учурда дүйнөлүк көчмөндөр тамак-ашы деген долбоорду иштеп жатабыз. Долбоордун негизги максаты оюнчулардын маданияты, жеген тамактарынын түрүн билүү болуп саналат.

 Мамлекет менен ишкерлер тараптан канча каражат салынбасын, Эл аралык деңгээлдеги иш чара боло албастыгын Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов айтат. Ал деңгээлге жетүү үчүн олимпиада сындуу тартипке өткөрүү керек. Болбосо  курулай гана сөз менен калып,  иш чараны өткөрүүгө кеткен каражаттардын эсеби дайынсыз деп буларга токтолду.

Эл аралык аброюбузду көтөрөт, дүйнөгө атыбызды таанытат деген бул курулай сөз. Ушул 3 күндүк аш той үчүн быйыл мамлекеттен 300 млн сом бөлүндү. Былтыр бул көрсөткүч кыйла жогору болгон. Анткени ипподромду салуу үчүн эле 1.5 млрд сом каралган. Үч күн бешбармак жеп тойлойбуз деген болбогон сөз. Себеби таяк тартышуу, ким биринчи, канча мүнөттүн ичинде боз үйдү тигет деген да спорттун түрү болмок беле. Ошондуктан мындай оюндун кереги жок деп эсептейм. Бизнесмендерден алынган салык, мамлекеттен бөлүнгөн 300 млн акчанын кайда кеткени дайынсыз.

Буга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө «Центерра голд компани» ишканасы башкы демөөрчү болуп, 750 миң доллар бөлгөнү кабарланган.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл аймагында өтөт.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache