Шашылыш кабар:

Өкмөттүн чуулуу отчёту кабыл алынды

Өкмөттүн чуулуу отчёту кабыл алынды
Саясат
0

Жогорку Кеңеш 14-июндагы жалпы жыйынында өкмөттүн 2017-жылдагы отчётун укту. Жыйынтыгында парламент өкмөттүн өткөн жылдагы ишин «канааттандырарлык» деп баалады.

Талаш менен башталган отчёт

Өкмөттүн өткөн жылдагы отчёту депутаттардын кайчы пикирлери менен коштолду. Эл өкүлү Максат Сабиров өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун аткарган иши тууралуу отчёт бергенин, ал эми парламент Исаковдун өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүп отставкага кетиргенин айтып, аткаруу бийлигинин отчётун талкуусу жок эле «эске алынсын» деп кабыл алууну сунуштады.

— Мухаммедкалый Дүйшөкеевич эки айда жумуш кылганга жетише элек да. Азыр жалаң эле акимдерди коё албай отурат. Ошон үчүн «эске алынсын» деп өкмөттү эретерээк кетирсек. Азыр булардан эмнени сурайбыз. Болбосо «канааттандырарлык эмес» деп баа берип, буларды дагы кетирели.

Сабировдун сунушу депутаттардын арасында талкуу жаратты. Айрымдар «өкмөттүн отчётун жактыра турган болсок анда Исаковду эмнеге кызматтан кедирдик?» деген маселени көтөрүштү. «Эгер отчётту кабыл албай койсок учурдагы өкмөт отставкага кетиши керек» деп кам санагандар дагы болду. Ал эми Депутат Жанар Акаев «суроо-жооп болушу керек» деп, айрым кесиптештерин сынга алды.

— Коомдо маселе толтура. Парламент кантип анан суроо-жооп кылбай өкмөттү кетирип жиберебиз. Өзүбүздүн маселебизди көтөрмөк белек. Элде, шайлоочуларда болуп жаткан маселелерди айтышыбыз керек. Мына өкмөт эки айдан бери келе элек. Өкмөттү жаңы шайладык анан бөйпөңдөй бербешибиз керек.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов болсо парламент мурдагы премьер-министр Исаковго саясий негизде ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн, ал эми аткарган ишине баа берүү башка иш экенин жүйө кылды. Деген менен депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин регламентине таянып, парламент өкмөттүн отчётуна «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деп так кесе баа бериши керектигин көтөрдү.

— Мухаммедкалый Дүйшекеевич премьер-министрдин 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчётун берип жатат. Биз регламенттин 103-беренесине карата баа беришибиз керек. «Эске алынсын» деген туура эмес болуп калат.

«Кумтөр боюнча келишим канааттандырбайт»

Өкмөттүн отчётуна келе турган болсок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы тышкы экономикалык соода жүгүртүүнүн көлөмү 12,5 %га өскөнүнүн айтты. Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 135 млрд сомду түзгөн. Бирок ошол эле учурда инвестиция тартуу маселеси оң жолго салынбай жатканына токтолду.

— Айрым тармактардагы жетишкендиктерге карабастан, өлкөбүздө дагы эле чечилбеген маселелер көп. Инвестицияларды тартуунун көлөмү 2016-жылга караганда 223 млн долларга аз келди. Анын ичинен аймактарда инвестиция тартуу көрсөткүчтөрү абдан төмөндөгөн.

Маалымат боюнча былтыр пенсиянын орточо өлчөмү 5412 сомду түзгөн. Жөлөкпулдарды төлөөгө 5,7 млрд сомдон ашык каражат сарпталган. Билим берүүгө болсо 33 млрд сомдон ашык каражат жумшалган. Ал эми депутат Данияр Аттокуров жыйында «Кумтөр» кени боюнча маселени көтөрдү.

— Кумтөр кени 2017-жылы 9,8 ИДПны берген экен. Сизге чейинки премьер-министр Сапар Исаков «Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жакында жыйынтык болот. Жогорку Кеңешке дагы элге дагы отчёт беребиз» деп жатты эле. Ушул боюнча иштер эмне болуп жатат?

Исаков баштаган өкмөт менен «Центерранын» ортосунда «Кумтөр» боюнча жаңы келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Ага ылайык канадалык инвесторлор Кыргызстанга жалпы 170 млн АКШ доллар котормок. Абылгазиев бирок аталган стратегиялык келишим менен макул эместигин жана ал күчүнө кире электигин билдирди.

— Келишимде экология, социалдык жактан жардам берүү каралган. Азыркы өкмөттүн көз карашы боюнча ал келишимди биз жакшыртышыбыз керек. Биз ага макул эмеспиз жана өз оюбузду айттык. Алар бизди угуп кетишти. Эгерде стратегиялык келишимге биздин пикир кошулса биз Жогорку Кеңешке дагы келели деп жатабыз. Учурда ал күчүнө кире элек.

Өткөн жылы бюджеттин эсебинен 5,7 млрд сомго 440 объект курулган экен. Ал эми автожолдорду курууга жана оңдоого 2017-жылы 4,4 млрд сом бөлүнүп, 345 км жол асфальтталган. Эл өкүлү Жылдыз Мусабекова президенттин тапшырмасы менен коррупциялык жолдордон түшкөн акчаларды бир эсепке топтоо боюнча демилге тууралуу сурады. Премьер-министр Абылгазиев учурда бул боюнча эки эсеп ачуу каралып жатканын айтты.

— Эки эсеп ачылганы жатат. Сиздердин айрым кесиптештер өз каалосу менен мамлекетке жардам беребиз эсеп ачып берсеңер дегендер бар. Биз ага бир эсеп ачып жатабыз. Экинчи коррупциялык механизмдерден өндүрүлгөн акчаларга. Ал жерде мүлк же акча болушу мүмкүн. Ага каржы министрлигинин алдына эсеп ачылат.

Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү демилгеси

Депутаттардын басымдуу бөлүгү айыл өкмөттөрүн ыксыз текшерүүлөрдү азайтуу, социалдык мекемелердин курулуш сындуу көйгөйлөрдү алып чыгышты. «Энергетика министрлигин кайра түзүш керек» деген демилгелер дагы көбүрөөк жаңырды. Депутат Сайдулла Нышанов өз сөзүндө Коргоо министрлиги менен Энергетика министрлигин кайра түзүү боюнча премьер-министрдин пикирине кызыкты.

— Келечекте Коргоо министрлигин түзүүгө көз карашыңыз кандай? Көз карандысыз өлкө болгондон кийин башка өлкөгө чыкканда Коргоо министри болушу керек. Энергетика дагы керектүү тармак. Ушуларды кайрадан министрлик кылбайлыбы.

Абылгазиев Энергетика министрлигин кайра түзүү сунушу каралып жатканын, ал эми «акционердик коом, мамлекеттик комитеттер көйгөйдөн алаксытуу үчүн гана түзүлгөн» деп сындады. Коргоо минстрлигин түзүүгө дагы каршы эместигин билдиргендей болду.

— Беларуссияга барганыбызда Орусиянын коргоо министри Шойгу жана башка министрлер болушту. Биздин атыбыздан баргандар Генералдык штаб менен коргоо комитетинин атынан барышты. Мен биздин өкүлдөргө болгон алардын мамилесин көрдүм. Терс көз карашта болушту.

Жыйынтыгында депутаттар өкмөттүн 2017-жылдагы ишине «канааттандырарлык» деген баа берди. Добуш берүүгө 111 депутат катышып, анын ичинен 96 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добуш берди. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт ушул жылдын апрель айынын аяк ченинде иштеп баштаган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache