Шашылыш кабар:

Жээнбеков Путин менен жолугушту

Июнь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбеков Путин менен жолугушту
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга болгон сапарынын алкагында өлкөнүн президенти Владимир Путин менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу мүнөздөгү актуалдуу маселелерди жана ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, эки өлкө президенти бүгүн, 14-июнда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземинин алдында жолугушту. Анда Путин эки өлкөнүн ортосундагы жакшы мамиленин өнүгүүсү сакталып калаарын белгиледи.

«Биздин ортобузда ар дайым сөз кылуучу тема бар. Азыр да ушундай. Мурунку жылы Кыргызстан менен Орусиянын соода байланыш 31%га өстү. Учурда дагы бул абал сакталып калууда. Биздин кызматташтык буга чейин кандай болсо алдыда ьушул нукта уланат»,— деди Путин.

Ал кийинки жолугушуу КМШ мамлекеттеринин саммитинин алкагында болоорун кошумчалады.

Жээнбеков өз кезегинде Путиндин чакыруусуна жана кызматташтыкты талкуулоого мүмкүнчүлүк жаратып бергенине ыраазычылык билдирди.

Ал 14-июндан 15-июлга чейин Орусияда өтө турчу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache