Шашылыш кабар:

Бир керебет менен түзүлүп баштаган Улуттук госпиталга 140 жыл

Июнь 14th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Бир керебет менен түзүлүп баштаган Улуттук госпиталга 140 жыл
Ден соолук
0

Ушул жылдын октябрь айында улуттук госпиталдын түптөлүшүнө 140 жыл толот. 140 жыл аралыгында аталган оорукана 1 кишилик керебет менен 1878-жылы уюшула баштаган. Бүгүнкү күндө кыргыз медицинасынын башаты болгон госпиталда жылына 20 миңден ашык ар кандай операциялар жасалып, 34миңдей бейтап даарыланып чыгат.


Улуттук госпиталдын түптөлүшүнө быйыл 140 жыл болот. Алгач бир бейтапка ылайыкташтырылган оорукананын түптөлүшү менен кыргыз медицинасы жаңы кадам таштай баштаган. 1878-жылы 1 бейтап жата турган жай ачылып, кийинчерээк кеңейтилип, 1956-жылы Республикалык клиникалык оорукана деп аталып калган. Улуттук госпиталдын гастроэнтерология жана профпатология бөлүмүнүн жетекчиси Мавлюда Атабекова оорукананын кантип түптөлүп калганы боюнча айтып берди.

1878-жылы Токмоктон Бишкекке уезддик оорукана көчүп келген экен. Келгенден соң өзүнчө бир койка түзүлгөн. Ошол бир кишилик орун азыркы кезде чоң улуттук госпиталдын түптөлүшүнүн башы болот. 1879-жылы эки койка, 1883-жылы үч койка, ал эми 1899-жылы алты орунга чейин көбөйүптүр.

Кыргыз медицинасынын башаты болгон Улуттук госпиталдагы айрым адистиктер, өзгөчө нейрохирургия, кардиология боюнча адистердин квалификациялык даражасы Европанын деңгээлинде турат. Мисалы аталган ооруканада Кыргыз эл баатыры, “Даңк” медалдарынын ээлери, 18 профессор, кандидаттар эмгектенишет. Бул туурасында медицина илимдеринин доктору, №1-урология боюнча бөлүмдүн жетекчиси Нурбек Садырбеков айтып берди.

Негизи биздин улуттук госпиталда жылына 20миңден ашуун операция жасалып, 33-34 миңдей бейтап даарылынып кетет. Биздин ооруканада башка ооруканаларда жок уникалдуу бөлүмдөр бар. Мисалы урология бөлүмүндө зара таштар оорусу, андрология бөлүмүндөгү операциялар жана кан тамыр боюнча. Ошондой эле нейрохирургия бөлүмүндө укмуштуудай операциялар жасалууда.

Бирок тилекке каршы күн сайын, секунд сайын өнүгүп жаткан технология заманында улуттук госпитал каржы жетишпегендиктен аксап келет. Ага карабай мыкты адистер өздөрүнүн аракети менен чоң операцияларды жасап келерин КР эмгек сиңирген дарыгери жана ишмери, “Даңк” медалынын ээси, академик Миталип Мамытов айтат.

Дүйнөнүн көп ооруканаларында өтө бийик аппараттар колдонулуп жатат. Биз аларга жете албай жатабыз. Мисалы: эндовоскалярдык, эндоскопиялык аппарат керек. Эң соңку үлгүдөгү томографиялар керек. Мунун баары каражатка байланыштуу.

Тарыхы 1878-жылга барып такалган улуттук госпиталда бүгүнкү кундө 34 миңдей дарыланып чыгат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache