Шашылыш кабар:

Орусияда пенсия жашы узартылып, салык 20 %га чейин көтөрүлөт

Июнь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Орусияда пенсия жашы узартылып, салык 20 %га чейин көтөрүлөт
Дүйнө кабарлары
0

Орусия өкмөтү пенсия курагын узартуу жана НДС салыгын көтөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Орусия өкмөтү пенсия курагын узартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Анын негизинде эркектердин пенсияга чыгуу курагы 60 жаштан 65 жашка узартылат. Ал эми аялдардын курагы 55 жаштан 63 жашка узарат. Мындай өзгөрүү баскычма-баскыч жүргүзүлүп, алгачкы кадам 2019-жылы жасалат.

Учурда көпчүлүк өлкөлөрдө пенсиянын курагы 60-65 жаш деп белгиленген.

Мындан тышкары Орусия өкмөтү накталай салыкты 20%га чейин көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Аталган салыктын негизги багыты тамак-аш, балдардын жана медициналык товарларга каратылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache