Шашылыш кабар:

Жамангулов: Элди кен иштетүүгө каршы көкүткөндөр бар

Июнь 14th, 2018 | by Бахар Хакимова
Жамангулов: Элди кен иштетүүгө каршы көкүткөндөр бар
Күн чекит
0

12-июнда Ала-Бука районунда жайгашкан Иштамберди алтын кенин иштеткен Кытайдын «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын алдына жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Алар алтынды бөлүп алуучу фабриканын бир бөлүгүн токтотууну талап кылышууда. Себеби ал жерде алтынды бөлүп алуу үчүн химиялык цианид кошулмасы колдонулуп, жергиликтүү элдин саламаттыгына зыян жеткирүүдө. Нааразылыкка чыккандар менен өкмөт өкүлдөрү да жолукканы кабарланган.

Негизи Иштамберди кенинен тышкары башка кен чыккан жерлерде да ушундай жагдай дайыма жаралат. Бирок муну кантип жөнгө салууга болот? Бул суроонун алкагында Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата-Журт» фракциясы депутат Акылбек Жамангулов менен маек курдук.

Марал: Учурда бир топ кен чыккан аймактарда жергиликтүү эл менен инвестордун ортосунда түшүнбөстүктөр болуп жатат. Эмнеге ушундай жагдай жаралууда? Көйгөй эмнеге барып такалат?

Акылбек Жамангулов: Менин оюмда бул маселени чечүү түздөн-түз биздин өкмөттүн милдети. Бирок албетте эки жакта тең, инвестордун да элдин да өзүнүн чындыгы бар. Анткени инвестор келгенде мамлекет ага бардык кепилдиктерин бериш керек. Ошол эле акча каражаттарын салып жаткандыгы, акчаларынын сарпталышы, иштетилип жаткандыгы боюнча.

Экинчиден, жергиликтүү элдин дагы көйгөйлөрү сыяктуу кызыкчылыктар эске алынбай калып жатат. Анткени алардын да өзүнүн чындыгы бар. Ошондуктан инвестор менен жергиликтүү элдин ортосунда, жергиликтүү бийлик түздөн-түз иш алып барышы керек.

Андан тышкары өкмөт өкүлдөрү, акимдер, ошол эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет болобу же “Кыргызалтын” ишканасы болобу өзүнө тийиштүү иштерди жасашы керек.

Марал: Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин башчылыгына сиздин атыңыз аталып жатат. Албетте алдын ала айтуу кыйын, бирок эгерде барып калсаңыз, бул тармакты жөнгө салуу боюнча сиздин кандай ойлоруңуз бар?

Акылбек Жамангулов: Кен иштетүү тармагы өтө чоң тармак.  Жалгыз эле кен тармагы эмес, ал жерде энергетика, өнөр жай тармактары бар. Бизде өнөр жай тармагы такыр эле каралбай калган. Өнөр жайына көбүрөөк убакыт, көбүрөөк маани берип, долбоорлорду иштеп чыгыш керек керек.

Энергетика тармагына кыска мөөнөттүн ичинде, кышка даярдык боюнча иш-аракеттерди көрүш керек. Азырынча кышка даярдык боюнча натыйжалуу толук кандуу иш жүргүзүлө элек.

Ал эми кен тармагында болсо, мына азыр Иштамберди алтын кенин иштетүүгө каршы болушуп, Макмал кени боюнча чоң резонанстуу иштер болуп жатат. Мен жакында эле иш сапарда чет өлкөдө болуп келдим. Ал жерде массалык маалымат каражаттары биз тууралуу терс пикирлерди жазып жатышат. Мисалы, чет өлкөлүк инвесторлор акча каражат салып жатса ошого карабастан,  жергиликтүү эл завод фабрикаларды токтотуп жатат деген катуу пиар кылып жатышат. Бул биздин мамлекеттин имиджине терс таасирин берүүдө.

Мен биздин элчиликтин кызматкерлери менен сүйлөштүм. Алар дагы айтып жатышат, ушунун баары тең биздин инвестициялык климатыбызга да терс таасирин тийгизип жатат.

Марал: Иштамберди кенинде, Макмал кенинде чыккандай жагдай маал-маалы менен эле чыга калып жатат. Сиздин оюңузда бул жерде кандайдыр бир топтордун кызыкчылыгы да роль ойноп кеткен жокпу?

Акылбек Жамангулов: Албетте башка топтордун кызыкчылыгы да роль ойноп жатат. Мага депутат катары бир топ адамдар кат жүзүндө, жолугуп да айтып жатышат. Чоң ызы-чуулардын аркасында аткаминерлерибиз кызыктар болушууда. Керек болсо ысымдарын да айтышты. Мен бул боюнча тергөө органдарына, жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, көзөмөлгө алам. Бирөөнүн кызыкчылыгы болгон жерде иш алдыга жылбайт.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache