Шашылыш кабар:

Чемпионаттын Орусияда өтүшү Кыргыз футболунун өнүгүшүнө салымы чоң

Чемпионаттын Орусияда өтүшү Кыргыз футболунун өнүгүшүнө салымы чоң
Спорт
0

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталарына саналуу гана сааттар калды. Бул күндү өзгөчө футбол күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүп жатат. Быйыл бул оюнга жеринен көрөбүз деген Кыргызстандыктардын саны дагы арбын. Себеби төрт жылда бир өтчү чемпионат Орусияда орун алып, каражат аз кетет дешүүдө. Эми бир айга чукул уйкусуз түндөр алдыда турат. Дүйнө чемпионатындагы кызыктуу мелдештер тууралуу  «Дордой» футбол командасынын президенти Аскар Салымбеков «Марал» радиосуна айтып берди.

Сизди футболго кызыккан адам катары билебиз. Бул сиз барган дүйнөлүк чемпионаттардын канчанчысы болуп калды?

— Орусияда билесиңер дүйнөлүк чемпионат биринчи жолу өтөт. «Лужники» стадионунда Орусия  менен Сауд Арабиянын командалары беттешет. Эми дүйнө жүзү бир ай футбол менен жашап калат десем жаңылышпайм. Өзүм кичинекей кезимден футболду сүйүп келем. Дүйнө чемпионаттарына 8-ирет келип жатамын. Өзгөчөлүгү Орусияда биринчи жолу болуп жатат, 11 шаарында даярдыктар аябай жакшы болуптур. Жаңы стадиондор, жолдор, аэропорттор бир топ чоң-чоң көп инфраструктураларын Орусия ушул чемпионат менен чечип алды десек дагы жаңылышпайбыз.

— Сиз бул чемпионатта кайсы командага күйөрмандык кылып жатасыз?

— Мага Месси жагат. Ал таланты, оюндары менен көп жетишкендиктерге жетти. Аргентинанын футбол командасы чемпион болуп, Месси дагы дүйнөлүк наамды алып калса экен деген ой менен Аргентинага күйөрман болоюн деп жатам. Мурдагы жылы Түштүк Африка мамлекети менен дагы финалга чыгып, анда Аргентинанын командасы утулуп калган. Күчтүү командалар көп, Германия, Испания, Франция, Англия, Бразилия, Бельгия, Уругвай сыяктуу көптөгөн жакшы командалар келип жатат. Эми кимиси жеңет?.. Футболдон көп нерсени күтсө болот.

-Бүткүл дүйнөлүк чемпионаттын Орусияда өтүшү кыргыз футболуна таасири канчалык?

— Таасири чоң эле болот. Анткени оюндар 11 чоң шаарларда өтөт. Кыргызстандан айрыкча Москва шаарына көп күйөрмандар барат. Алар чоң командалар ойногонун, кантип чыкканын, чеберчиликтерин өз көздөрү менен көрөт. Бул башкача таасир берет. Ошондуктан менин оюмча чоң эле салым болот. Балдарыбыз жакшы оюндарды көрсөтүп, Кыргызстандын курама командасына ойносо, командабыз жакшы эле ойноп жатпайбы. Ошондуктан чемпионаттын Орусияда болуп жатканы келечекте чоң түрткү болот. Анткени, аталган өлкө менен киндиктеш болуп калбадыкпы. Миллиондогон мекендештерибиз бул жакта жүрөт. Дүйнөлүк чемпионат Кыргызстанга жакын жерде болуп жатат. Балким кийин алыс жактарда өтүп, барганга мүмкүнчүлүк болбой калышы да мүмкүн. Ошондуктан эң жакын жердеги чепмионатка барып коюшубуз керек.

— Сиз FIFAнын конгрессине Кыргызстандын атынан мүчөсүз. Ошол аянтта кийинки чемпионаттар өтө турган мамлекеттер тандалдыбы?

— Кийинки чемпионат 2022-жылы Катарда болот. 2026-жылкы чемпионат кайсы мамлекетте өтө турганы чечилет. Азыр Марокко менен дагы эки мамлекет биргеликте дүйнө чемпионатын өткөрүүгө талапкер. Мындан сырткары Америка, Канада, Мексика мамлекеттери үчөө да бирге өткөрүүгө кызыктар. Аталган үч мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептейм, эми шайлоо көрсөтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache