Шашылыш кабар:

Игорь Чудинов депутаттык мандатынан ажыратылды

Июнь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Игорь Чудинов депутаттык мандатынан ажыратылды
Кыска кабар
0

Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудинов депутаттык мандатынан ажырады. Бул тууралуу Борборбордук шайлоо комиссиясынан “Марал” радиосуна кабарлады.

Маалыматка ылайык, БШК бүгүн 14-июндагы жыйынында депутат Игорь Чудиновду мандатынан ажыратты. Мындай чечим депутаттын шаардык сотто күнөлүү деп табылып, 5 млн сом айып тагылгандан кийин чыгарылды.

Анын ордуна Бактыбек Турусбековго мандат тапшырылды.

Эске салсак, шаардык сот «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деген айып менен Самаковду 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге 5 млн сомдон айыппул салынган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache