Шашылыш кабар:

Фуэго тоосундагы жарылуудан көз жумгандардын саны жүздөн ашты

Фуэго тоосундагы жарылуудан көз жумгандардын саны жүздөн ашты
Дүйнө кабарлары
0

Гватемаладагы Фуэго жанар тоосунда болгон жарылуулардан каза тапкандардын саны 114кө жетти. Бул тууралуу trt.net жазды.

Маалыматка ылайк, мындан 10 күн мурда жарылуу башталган жанар тоонун тегерегинде ушул күнгө чейин 114 кишинин сөөгү табылып, 150дөн ашуун киши жоголгон.

3-июндагы жарылуудан улам 4 миңден ашуун адам баш калкалоочу жерлерде жашап жатат.

Тийиштүү орган жанар тоодогу кыймылды алдын ала байкаган. Бирок аймакты бошотуу чечимин чыгарышкан эмес. Бул боюнча иликтөө жүрүп  жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache