Шашылыш кабар:

Головкин менен Альварес 15-сентябрда беттешет

Головкин менен Альварес 15-сентябрда беттешет
Спорт
0

Казакстандык Геннадий Головкин менен мексикалык Сауль Альварес 15-сентябрда күч сынашат. Алар 72,6 кг салмак категориясында беттешет.

Мексикалыктардын промоутери Оскар Де Ла Хойя Twitter’деги баракчасына «Беттеш 15-сентябрда өткөрүлөөрүн кабарлаганыма кубанычтамын” деп жазган.

Айтсак, казакстандык боксчу мексикалык атаандашы менен 5-майда Лас-Вегаста беттешмек. Бирок анализдердин жыйынтыгы Альварестинан канында кленбутерол табылган.

Golden Boy Promotions промоутерлик компаниясы боксчунун организминен табылган зат бузулган эт колдонулганы үчун  пайда болгонун аныктаган. Мындан улам акыркы убакта ондой мексикалык спортчу жабыр тартканын айтышкан.

Кошумчалай кетсек, Эл аралык бокс федерациясы (IBF) казакстандык Геннадий Головкинди орто салмак боюнча дүйнө чемпиону курунан ажыраткан. Мындай чечимге 36-жаштагы Головкин 3-августка чейин IBF куруна талапкер украиналык Сергей Деревянченко менен беттеш өткөрүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун берүүдөн баш тартканы себеп болгон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache