Шашылыш кабар:

Өкмөттүн түзүмүндө өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Өкмөттүн түзүмүндө өзгөртүүлөр болушу мүмкүн
Кыска кабар
0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча талдоо журүп жатканын билдирди. Анын айтымында парламенттин тармактык комитети өкмөткө сентябрь айына аткаруу бийлигинин жаңы түзүмүн алып келүү боюнча тапшырма берген.

— Жакында президент менен Беларусияга барганда ал жерде Шойгу жана башка министрлер, генаралдар турду. Биздики болсо Генералдык штаб деп бир, Коргоо комитети деп бир барат экен. Ошондо аларда бизге карата терс мамиле бар экенин байкадым. Муну мен президентке дагы айттым.

Абылгазиев ошондой эле өкмөттө кайрадан Энергетика министрлигин түзүү боюнча маселе дагы караларын билдирди. Эске салсак 2015-жылы өкмөттүн түзүлүшү өзгөртүлүп, Коргоо министрлигинин ордуна Мамлекеттик коргоо комитети түзүлгөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache