Шашылыш кабар:

«Манчестер Юнайтед» дүйнөнүн эң кымбат клубу аталды

«Манчестер Юнайтед» дүйнөнүн эң кымбат клубу аталды
Спорт
0

Англиянын «Манчестер Юнайтед» клубу бул жылы да дүйнөдөгү эң кымбат клуб деп таанылды.

Forbes’тин эсептөөлөрүнө ылайык, «Манчестер Юнайтед» клубунун баасы өткөн жылга салыштырмалуу 12% га жогорулап, 4 млрд 123 млн долларга бааланган.

Экинчи орунда 4 млрд 88 млн долларга бааланган «Реал» турса, үчүнчүлүк «Барселона» клубуна буюрган. Аталган клуб 4 млрд 64 млн долларга бааланган.

Ошондой эле, «Бавария» (3,063 млрд $ , +13%), «Манчестер Сити» (2,474 млрд $, +19%), «Арсенал» (2,474 млрд $, +19%), «Челси» (2,062 млрд $, +12%), «Ливерпуль» (1,944 млрд $, +30%), «Ювентус» (1,472 млрд $, +17%), жана «Тоттенҳэм» (1,237 млрд $, +17%) эң кымбат он клубдун катарына кирген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache