Шашылыш кабар:

БУУ Башкы ассамблеясы Израилдин Газадагы аракеттерин айыптаган резолюция кабыл алды

Июнь 14th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
БУУ Башкы ассамблеясы Израилдин Газадагы аракеттерин айыптаган резолюция кабыл алды
Дүйнө кабарлары
0

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Израилдин Газа секторундагы аракеттерин айыптаган резолюция кабыл алды.

Документти БУУга мүчө өлкөлөрдүн 120сы колдоду. Дагы сегизи каршы добуш берген. Ал эми 45 өлкө өз позициясын билдирүүдөн карманышкан. Резолюцияда Израил тарап Палестинанын карапайым калкына карата «өтө күчтүү, аёосуз жана пропорцияга туура келбеген» күчтү колдонгон деп айтылат.

Ошондой эле аталган документ Газа секторунда тезинен ок атууну токтотуу жана тынчтык келишимин ишке киргизүүгө чакыргын.

Маалым болгондой, буга чейин Израилдин армиясы Газа секторундагы чырдан улам төрт палестиндикти өлтүрүп, 618 киши жарадар болгону айтылган. Бул боюнча Ислам кызматташтык уюму чукул жыйынга чогулуп, Изарилдин аракетин мыйзамсыз деп айыптаган. Газа секторундагы окуялар боюнча Кыргызстан да өз тынчсыздануусун билдирген.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache