Шашылыш кабар:

Грузиянын өкмөт башчысы кызматтан кетти

Июнь 14th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Грузиянын өкмөт башчысы кызматтан кетти
Дүйнө кабарлары
0

Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Квирикашвили кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ал 13-июнунда кечке маал атайын өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал кызматтан кетип жатканына бийликчил партия аталган «Грузин кыялы» партиясынын лидери Бидзина Иванишвили менен көз караштары дал келбегендиги менен түшүндүргөн.

«Мен ар бир жарандын өкмөт башчысы болууга тырыштым. Ар убак команданын оюнчусу болгом. Акыркы жагдайды жана команданын маанайын байкап ушул чечимди кабылдадым. Анткени партия лидери менен айрым маселелер боюнча пикирибиз келишпей калды”, — деди ал.

Квирикашвили Грузин өкмөтүн 2015-жылдан бери жетектеп келе жаткан.

Айта кетсек, Грузиянын Тбилиси шаарында 31-майда башталган нааразычылык митинги азыркыга чейин уланууда. Нааразычылык митингинин башталышына Тбилисиде өлтүрүлгөн эки жаш өспүрүмдүн өлүмү түрткү болгон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache