Шашылыш кабар:

Жээнбеков кайсы футбол командаларын колдойт?

Июнь 14th, 2018 | by Бахар Хакимова
Жээнбеков кайсы футбол командаларын колдойт?
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча дүйнө чемпионатында Германия менен Орусиянын курама командаларын колдойт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилей кетсек, бүгүн 14-июнда өлко башчы Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына учуп кетти. Анда ал футбол боюнча дүйнө биринчилигинин ачылышына катышат. Жээнбековду Орусияга өлкө президенти Владимир Путин чакырган.

Чемпионат 14-июнда башталып, 15-июлга чейин уланат.  Анда 32 курама команда катышат. Оюндар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache