Шашылыш кабар:

Бүгүн Москвада футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат

Июнь 14th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Бүгүн Москвада футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат
Дүйнө кабарлары
0

Бүгүн, 14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат.

Маалыматка ылайык,  21-Дүйнө биринчилиги Москва шаарындагы «Лужники» стадионунда башталат. Биринчиликтин эң алгачкы беттеши Сауд Арабиясы жана талаа ээси болгон Орусиянын улуттук курама командаларынын оротосунда болот.

Чемпиондукта жалпысынан 8 тайпага бөлүнгөн 32 улуттук курама команда ат салышат, биринчилик 1 айга созулуп акыркы финалдык оюн 15-июлда болуп өтөт. Иш-чаранын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дө башталат. Ал эми алгачкы беттеш ачылыш аземинен кийин орун алат.

Дүйнөлүк букмекердик ишканалар жана спорт серепчилеринин алдын ала берген маалыматтары боюнча бул чемпиондуктун эң алдыңкы командалары Бразилия, Германия, Франция жана Португалия экени айтылууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache