Шашылыш кабар:

Чүйдө казак жараны баңгизат менен кармалды

Июнь 14th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Чүйдө казак жараны баңгизат менен кармалды
Кыска кабар
0

Казакстандын жараны Чүй облусунда 500 килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Чүй  облусттук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-июнда саат 20.20 чамасында ИИМдин баңгизатты сатууга каршы күрөшү кызматы ыкчам-издөө иш-аракеттеринин алкагында Аламүдүн районунун Луговой көчөсүнөн Audi унаасын токтотушкан. Аны 57 жаштагы А.С. атуу коңшу өлкөнүн жараны башкарып бара жаткан. Унааны тинтүү учурунда артынан жана салонунан 30 литрлик 14 канистрге куюлуп, жалпы салмагы 500 килограммды түзгөн сары түстөгү өзгөчө жыты бар суюктук табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache