Шашылыш кабар:

Сулайман-Тоонун тегерегиндеги бактар сугарылып жатат

Июнь 14th, 2018 | by Бахар Хакимова
Сулайман-Тоонун тегерегиндеги бактар сугарылып жатат
Кыска кабар
0

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун археологиялык музей комплексинин күнгөй тарабына суу түтүктөрү тартылып, бак-дарактар сугарыла баштады.

Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты. Сулайман-Тоо архиологиялык музей комплексинин директору  Султанбек Абдыракманов жамгырлатып суугаруу ыкмасынын максаты ыйык тоону келечекте жашыл зонага айлантуу экендигин белгилейт.

Ошондой эле, Сулайман-Тоодогу 8 гектар жерге 73 даана суу чачуучу темир түтүктөр орнотулуп, 250 кВттык 2 насос менен Жайпас каналынан суу чыгарылган. Тескей тарабына инвестор тартуу иш аракеттери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жалпысынан тендердик баасы 6 млн сом болгон долбоор, өткөн жылы башталган. Долбоорду ишке ашыруу “Улар транс” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache