Шашылыш кабар:

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Июнь 14th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыска кабар
0

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытай тараптын сунушу менен 15-июндан 18-июнга чейин «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл өткөрүү-бекеттерине убактылуу чектөө киргизилет.

Каттам кайра 19-июндан тарта жанданат, мындай чечимди Кытай тарап Орозо айт жана Дуань-у цзе — беш эсе көп (поэт күнү) майрамдарына байланыштуу экенин айткан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache