Шашылыш кабар:

Ата тышкы тон

Июнь 14th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Ата тышкы тон
Билим жана Маданият
0

Бала тарбиясында, жашоосунда аталардын ордун белгилеп, аларга ыраазычылык билдирүүнү максат кылган аталар күнү дүйнө жүзүндө июнь айынын үчүнчү жекшембиси майрамдалып келет. Бүгүнкү күндө бул кундү 90дон ашык малмекетте белгилешет. Негизи ата болуу кандай жоопкерчиликти талап кылат? Бүгүнкү жаш аталар ата болуу жоопкерчилигин кандай сезет? Төмөнкү материалдан окуй аласыз.


Азамат 2 ай мурда алгачкы жолу ата болуу сезимин жашады. Кубанычында чек жок. Ата болгондон кийин ата-эне кадырын билет экенсиң деген замандашыбыз, баласын колуна алган күнү эсинен кетпейт.

-Бала кезде ата-эне кадырын биле бербейсиң деген туура экен. Мен да балалуу болгондо биринчи сезген жокмун. Бирок баламды колум алганда жоопкерчиликти сездим. Бул бала мага жараткандын аманаты деп сездим. Кандай тарбия берем, кантип чоңойтуш керек. Бул чоң жоопкерчилик.

Ал эми чемпиондордун атасы Съездбек Таштакеев ар бир баласына өзгөчө көңүл бурат. Балдарынын ийгилиги да алардын шыгын көрө билип, убагында көңүл бөлгөндүгүндө деп билет. Өзү мамлекеттик кызматкер болгонуна карабай 9 балага убакыт бөлүү, алар менен чогуу убакыт өткөрүү чоң милдетим деп билет.

-Мен балдарым менен көп баарлашам. Баарлашуу аркылуу алардын жан дүйнөсүн, бир нерсеге болгон шыгын билүүгө болот. Ошол аркылуу балага шарт түзүүгө аракет кыласың. Менин балдарымдын көпчүлүгү шахматка шыктуу чыкты. Ал менен эле чектелбей башка өнөрлөрү да бар. Эң негизгиси аны көрө билүү жана убагында ошол жакка ыктоо.

Дүйнө жүзүндө июнь айынын үчүнчү жекшембиси аталар күнү катары белгиленип келет. Бул күндүн мааниси, максаты балдардын жашоосунда, тарбиясында аталардын ордун белгилөө болуп саналат. Анткени адистердин айтымында бала тарбиясында көпчүлүк учурда эненин орду белгиленгени менен, атанын орду да зор. Мыкты ата болуу үчүн бир гана аны материалдык жактан камсыздап эмес, ага көңүл буруу маанилүү экендигин белгилешет. “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору Нуржигит Кадырбеков: “Ата тышкы тон деген сыяктуу баланы материалдык жактан камсыздоо менен бирге, анын дүйнө таанымын өстүрүүдө, адеп ахлахында милдети чоң”,- дейт. Тилекке каршы акыркы учурда ата болуу милдетин жакшы түшүнүп, түшүнбөй үй-бүлө курган жаштар аталык милдетин жакшы аткара албай жаткандыгын белгилейт.

-Чын чынына келгенде ата болууда да бир кесипти, өнөрдү үйрөнгөндөй эле, даярдык керек. Бирок айрым учурда аталыкты ата болгондон кийин гана үйрөнүп жатабыз. Жөн эле ата болуп коюу айбанаттардын да колунан келет. Ал эми чыныгы ата баласына тарбия, таалим, моралдык жана материалдык муктаждыктарын камсыздоочу болуп саналат. Качан тарбия бересиң, өзүңдө болсо. Качан илим бере аласың, өзүңдө болгон учурда гана.

Аталар күнү биринчи жолу 1910-жылы 19-июнда белгиленген. Майрамдын демилгечиси Додд атасына ыраазычылык иретинде көтөрүп чыккан. Анткени атасы Уильям Смарт 6 баласы менен жубайы каза болгондон кийин балдарын татыктуу өстүргөн деп айтылат маалыматта. Бүгүнкү күндө аталарга ыраазычылык билдирүү майрамы 90дон ашык мамлекетте белгиленип келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache