Шашылыш кабар:

Бүгүн өкмөт башчы Жогорку Кеңеште отчёт берет

Июнь 14th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Бүгүн өкмөт башчы Жогорку Кеңеште отчёт берет
Кыска кабар
0

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүн 2017-жылы аткарган иштери тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчёт берет.

Буга чейин өкмөт башчынын отчёту Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте каралып, кызуу талкуулаган.

Жыйынтыгында өкмөттүн 2017-жылга карата отчётуна «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деген так баа бере алышкан эмес. Комитет мүчөлөрү отчётту эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылсын деген токтом кабыл алышкан.

Эске салсак, 2017-жылдын 8 айында учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп иштеген. Ал эми калган 4 айында Сапар Исаков өкмөттү жетектеген. Азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев болсо Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде биринчи вице-премьер катары иш алып барган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache