Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Ош шаарына аллея курулат

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 729 | 0

Ош шаарында «Арча» кичи базарынын ордуна аллея курулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аллея Кулатов кичи шаарчасынын аймагына курулат. Анткени ал аймакта эс алуу борборлору жок. Учурда анын долбоору даяр, 2019-жылы курулуп баштайт. Узундугу 850 метр, ал эми туурасы 15-18 метр болору айтылат.

Белгилей кетсек, шаарда мыйзамсыз курулуштарды башка аймакка жылдыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM