Шашылыш кабар:

Боенов: Газ менен жүргөн унаа кырсыктаган факты жок

Боенов: Газ менен жүргөн унаа кырсыктаган факты жок
Күн чекит
0

Акыркы учурларда күйүүчү майдын кымбаттап жатканына байланыштуу автоунаасын бензинден газга өткөргөндөр көбөйгөнү байкалган. Ошол эле учурда газга өткөн унаалардын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлдү. Биз ушул тема боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Боеновду кепке тарттык.

Марал: Сиздердин расмий маалымат боюнча үстүбүздөгү жылы канча автоунаа ээлери унааларын бензинден газга өткөрдү?

Мирлан Боенов: 2018-жылдын башынан бери 441 жаран автоунаасына газ койдуруу үчүн арыз менен кайрылган. Алар атайын уруксатты алып, машиналарына газ менен жүрүүчү жабдыктарды орноткон.

Марал: Автоунааны газга которуу үчүн алар атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунан өтөт эмеспи. Айдоочуларга коюлган талаптар кандай жана аталган комиссиянын курамына кимдер кирет?

Мирлан Боенов: Кыргызстан ЕАЭБге киргендиктен жарандар унааларына газды техникалык регламенттин талаптарына ылайык орното алат. Автоунааларды кайра жабдуу өкмөттүн 587-токтому менен бекитилген. Ал токтомдун талаптарына ылайык жарандар машинасына газ койдурардын алдында алар арыз менен кайрылат. Газды кайсы жерден койдурганы жатса ошол жерден эскизин чийдирип, долбоорун алып келет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкта ведомство аралык комиссия түзүлгөн. Ал комиссияга биздин башкармалыктын өкүлү, Экотехинспекциянын өкүлү, Мамлекеттик каттоо кызматынын автомобилдерди каттоо департаментинин кызматкерлери катышып, биз газ коюунун тартибин түшүндүрүп беребиз.

Марал: Ал кандай тартип жана мындан аркы иш аракеттер кандай болот?

Мирлан Боенов: Жарандар газды кандай койдуруш керек боюнча тартпти алган соң, газ коюу боюнча сертификаты, лицензиясы бар фирмаларга барып, унаасына газ койдурат. Учурда газды бүт эле жеке жактар коёт. Андан соң Кыргызстанда техникалык кароо деген ассоциация бар, кийин ал жерден кароодон өтүшөт. Ал жактан диагностикадан өткөн соң күбөлүк алып аны Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкка алып келет. Андан кийин унаанын өзгөчө белгилерине газ коюлду деген белги кошулат. Тартиби мына ушундай.   

Марал: Жогорку Кеңеште газ койдурулган автоунаалар кооптуу экени жана аларды көп кабаттуу үйлөрдүн алдына, адамдар көп жүргөн жерлерге токтотпоо керек деген демилге көтөрүлдү. Газ коюлган унаалар чындап эле кооптуубу?

Мирлан Боенов: Газ койдурулган автонуулар, бензин менен жүргөн автоунаалардай эле деп эсептейм. Коопсуздук жагынан экөө бирдей эле. Бирок газга өткөндөн кийин атайын сертикаты бар, текшерүүдөн өткөн газдарды сатып алып койдуруш керек. Ошондуктан кооптуу же кооптуу эмес деп так айта албайм.

Марал: Буга чейин Кыргызстанда газ койдурган унаалар кырсыкка учураган окуялар болду беле?

Мирлан Боенов: Биздин мамлекеттин аймагында газ менен жүргөн автоунаалар өзүнөн-өзү жарылып же өрттөнүп кеткен фактылар катталган эмес.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache