Шашылыш кабар:

Футбол боюнча дүйнөлүк мелдеште кайсы өлкө чемпион аталат?

Футбол боюнча дүйнөлүк мелдеште кайсы өлкө чемпион аталат?
Спорт
0

Футбол боюнча бүткүл дүйнөлүк чемпионат 14-июнда Орусиянын бир катар шаарында башталат. Анда кубок үчүн  дүйнөнүн 32 мамлекети футбол талаасында беттешет.

Кыргызстанга  эң жакын өлкөдө дүйнөлүк  чемпионат  болуп жатат. Буга сөзсүз барыш керек. Балким бизге  башка мүмкүнчүлүк берилбей калышы ыктымал. Анткени кийинки чемпионаттар  бизден алыс өлкөлөрдө орун алат. Мисалы  кийинки чемпионат Катарда өтөт. Ошондуктан эң жакын чемпионатка барып алышым керек .

Бул дүйнөлүк чемпионатка жөнөп жаткан Чыңгыз Абыкеев. Футбол талаасындагы оюндарды Орусиянын алты шаарында көргөнү турат. Анткени  Чыңгыз күйөрмандык кылган Аргентинанын улуттук курамасы укмуштай оюн көрсөтөт деп турат.

Төрт жылда бир келген  футбол боюнча дүйнө чемпионаты быйыл Орусиянын 11 шаарында өтөт. Эки тараптуу беттештер 14-июндан башталып, дээрлик бир айга созулат. Анда 32 мамлекеттин улуттук курамалары сегиз топко бөлүнүп оюн көрсөтүшөт. Биринчи беттеш «А» тайпасындагы Орусия менен Сауд Арабия командаларынын ортосунда өтөт.

Учурда кайсы өлкө чемпион аталаары тууралуу алдын ала божомолдор бериле баштады. Букмекерлер алгачкы чемпиондордун атын атап, ири суммадагы акчалар мелдешке коюлууда.

Эгер «Winline» букмекердик канторадагы көрсөткүчтү карасак, көпчүлүктүн божомолу Бразилия менен Германиянын курама командаларына берилип жатат. Учурда Бразилиянын коэффиценти 5.00 болсо, Германияныкы 5,50. Кийинки орундарда Испания, Франция, Аргентина жана Бельгия турат. Ал эми Орусия букмекердик тизмеде 12-орунда.

Кыргызстандын улуттук курамасынын капитаны Азамат Байматов бул жолку чемпионатта Аргентина же Бразилия жеңет деп болжоп жатат.

Буга чейин футбол чемпионатында Испания курама командасын колдочумун. Менин прогнозум боюнча фаворит катары Аргентина жана Бразилия командалары. Орусия бизге жакын болгондуктан аларга да күйөрмандык кылам. Бирок канчалык алыс барат оюндун жүрүшү көрсөтөт. Россия курама командасынын көпчүлүк оюнчулары жаңы келген жаш оюнчулар. Мисалы чабуулчу Федор Смолов мыкты оюнчулардын бири болуп жатат. Башка командалардан карап көрсөк франциялык жаш оюнчу Килиан Мбаппе жана англиялык футболист Гарри Кейн мыкты оюн көрсөтүшөт деп ойлойм.

Кызыктуу оюндун ачылышына дүйнөдөгү ондогон өлкөдөн президенттер келет. Алардын катарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы бар. Жээнбеков Орусияга Президент Владимир Путиндин чакыруусу менен бара жатат.

Мындан тышкары дүйнөлүк футболго күбө болуу үчүн Кыргызстандан баргандардын саны арбын. Алардын арасында футбол сүйүүчү Медетбек Букуев үй-бүлөөсү менен бар. Үч небереси менен толкунданып турат. Анткени дүйнөлүк чемпионатты буга чейин сыналгыдан көрүп келсе, бул жолу жандуу оюндарга жеринен күбө болот.

Орусияда боло турчу чемпионатка 3 неберем менен барып көрүп келели деп жатабыз. Неберелерим сабактан кийин футбол менен машыгышып, спорттун бул түрүнө аябай кызыгышат. Чемпионатка  Кыргызстандан маркетолог, менеджерлер да барышат. Оюнга күбө болуу менен  масштабдуу оюдар кантип уюштурулат, эмнесине көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин баамдашат. Экинчиден, дүйнөлүк форумдун Орусияда  өтүп жатышы жалпы кыргыз футболунун  өнүгүшүнө таасирин тийгизет. 

Ал эми «Дордой» футбол командасынын президенти, Кыргызстан футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков Москвага эрте эле учуп кеткен. Себеби чемпионатка чейин футбол боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги конгресстин жыйыны орун алды. Анда 210 мамлекеттен барган делегаттар футболду өнүктүрүү жана негизгиси 2026-жылы өтө турган өлкө тандалып жатканын Орусиядан кабарлады.

Эмки чемпионат 2022-жылы Катарда болот. Бүгүнкү конгрессте дагы бир чоң маселе чечилет. 2026- жылы  дүйнөлүк чемпионат өтө турчу мамлекет тандалат. Азыр болсо эки тарап болуп жатат. Биринчиси Морокко турат. Экинчиде  3 мамлекет бирге чемпионат өткөрөбүз деп жатышат. Аларга Америка, Мексика, Канада кирди.

Учурда баардык оюндарга  билеттер сатылып бүттү. Коопсуздук чаралары эки эсе күчөтүлгөнүн Орусиянын күч органдары кабарлап жатат.

Футболдун Кыргызстандагы күйөрмандары оюндарды коомдук телерадиоберүү корпорациясы аркылуу түз көрө алышат. Бул туурасында телеканалдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык «КТРК спорт» каналы Дүйнө чемпионатынын алкагында өтө турган 64 беттештин баарын тең көрсөтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache