Шашылыш кабар:

Иштамберди кенинде өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү   

Июнь 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Иштамберди кенинде өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү   
Кыска кабар
0

Бүгүн, 13-июнда Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы маданият үйүндө Иштамберди кенине байланыштуу жергиликтүү калк менен өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйын өттү. Жыйынга өкмөттүн сектор башчысы Үкүбаев, Ички иштер министринин орун басары Асанов, Өнөр жай жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов, Мамлекеттик “Экотехинспекциянын” директорунун орун басары Артыкбаев, Токой-чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Рустамов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев, Ала-Бука районунун акими Абдыкадыров, Чаткал районунун акими Эшалиевтер жана 350дөй жергиликтүү тургундар катышты.

Чогулган эл Иштамберди кенин иштеткен “Фулд-Голд-Майнинг” фирмасынын “Сухой” аталышындагы цехинин ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришти.

МИнистрдин орун басары Асанов өз сөзүндө “Фулд-Голд-Майнинг” фирмасынын ишин бир күндө чечип коюу мүмкүн эмес экенин, ишти кылдаттык менен иликтеп, жыйынтыгында элдин койгон талаптары мыйзам чегинде чечиле турганын билдирди.

Чогулушта “Фулд-Голд-Майнинг” фирмасынын өкүлү Кошалиевдин “цианит эмес, цинцин деген химиялык затын иштетебиз” деген сөзү элдин кыжырдануусун жаратты. Чогулгандардын айтымында, цинцин деген порошоктон цианит бөлүнүп чыгууда.

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Өкмөт тарабынан текшерүү үчүн келген атайын жумушчу топко жергиликтүү тургундардын кошулуусун сунуштап, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынышын айтты.

Жыйынтыгында жергиликтүү тургундардан жалпы 36 адамдан турган жумушчу топ түзүлүп, өкмөт тарабынан текшерүү үчүн келген жумушчу топко кошулушту.

Коомчулук тарабынан төмөнкү талаптар коюлууда:

* Жолдор асфальтталсын;

* Таза суу кээде чыгат, кээде чыкпай калат. Таза суу маселеси катуу көзөмөлгө алынсын;

* Цианит жана башка уулуу химиялык заттар колдонулбасын;

* Эксперттер жакшы иштебей жатат. Цианит бар жерлерден лабораторияга топурак албай, башка жерлерден топурактарды алып кетишүүдө. Мындай абал токтотулсун;

* Талапка жооп бербеген алтынды жуугандан кийинки саркынды таштандылар сакталуучу дамба башка жакка көчүрүлсүн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache