Шашылыш кабар:

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы алмашты

Июнь 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы алмашты
Кыска кабар
0

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматка ылайык, Айдаралиевдин кызматтан өз арызынын негизинде бошотулган.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Болотбек Ибраимжанов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache