Шашылыш кабар:

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Июнь 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыска кабар
0

Кыргыз-Кытай чек арасы Айт майрамына байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө пункттары 15-июндан 19-июнга чейин жабылат.

Чек ара бекеттери кытай тараптын демилгеси менен жабылууда. Бул күндөр аралыгында Кытайда Орозо айт жана Дуань-у цзе майрамдары белгиленет.

Ал эми өткөрмө пункттар 19-июндан тарта өз калыбында иштей баштайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache