Шашылыш кабар:

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Июнь 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-апрелде кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, мыйзам үй-бүлө мыйзамдарын жана жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Аталган максатта кабыл алынган мыйзам менен Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache