Шашылыш кабар:

Исаков камакта калтырылды

Июнь 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Исаков камакта калтырылды
Кыска кабар
0

Бүгүн, 13-июнда Шаардык сотто мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралды. Сот отурумунун жыйынтыгында Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылды. Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, сот отурумуна Исаковду колдоп 100гө жакын адам келген. Алар тергөөнүн акыйкат жүрүшүн талап кылган жазууларды көтөрүп алышкан.

Эске салсак, Исаковго 29-май күнү «коррупция» беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ал 5-июнда УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache