Биз менен байланышыңыз

Жураев: “Эми Атамбаев бийликке күчтүү оппозиция болот”

Күн чабыт | 20 Ноя 2018 | 1146 | 0

19-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына интервью берип, учурдагы саясий абал баш болуп, коомчулукта айтылып келе жаткан бир топ маанилүү маселелерге токтолду. Мына ушул билдирүүлөрдүн айланасында саясат талдоочу Эмил Жураев менен маектештик.

 

Сизди Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрү ынандырдыбы?

 Чынын айтканда так ушундай сөздөрдү айтат деген ойдо болчум. Өзүнүн каталары жана туура эмес иштери тууралуу кеп козгогон жок. Айрым сот иштери боюнча бир аз элге жага турган сөздөрүн эске албаганда. Ал саясий кырдаал, азыркы бийликке каршы пикири, өзүнө жана жанындагы кишилерге байланышту чуулгандуу окуялар тууралуу көбүрөөк айтты. Ал жерде да баары туура кадам менен кеткенин белгилеп, кемчиликсиз иш болгонун айтып жатат. Негизи ушуларды эле айтат болчу. Мындан башкасын күтпөй деле койсок болмок.

Азыркы бийликке карата катуу сындар айтылды. Бул жагдай тирешүүгө алып келбейби?

Тирешүү бул маекке чейин эле башталган. Өздөрү да айтып жатпайбы, “эмнеге сегиз айдан бери унчукпай келдиңиз?”,- деп. Бул интервью Атамбаевдин кайрадан чоң саясатка, коомдук саясий турмушка кайтып келишинин тушоо кесүүсү болду окшойт. Тирешүүлөр буга чейин да болуп келген. Кайсыл темаларга байланыштуу экени да белгилүү. Акыркы маекте шайлоого байланыштуу  маселерге көбүрөөк ыктады окшойт.

 

Алмазбек Атамбаев буга чейин эскертүүлөрдү берип, сегиз ай күткөнүн, жооп жок болгондуктан эми өзү киришип жатканын айтты. Ал саясий кырдаалга таасири тийиши мүмкүнбү?

Кайсы бир деңгээлде таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар. Анткени Атамбаев мамлекеттеги эң чоң саясатчылардын бири катары калып жатат. Бийликке каршы болгондордун, оппозициянын салмактуулары болуп кала алат. Бирок андан сырткары кандайдыр бир чоң дүрбөлөң салып, опурталдуу кадамдарга барбайт го деген ойдомун. Анткени ал Атамбаевдин кызыкчылыгына туш келбейт. Экинчиден коомдук мобилизация кылууга мүмкүнчүлүк аз. Экс президент озү деле ага барбайт го.

Маегиңизге рахмат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM